Menu

Иса Өмүркуловдун доору келатат…

Бөлүшүү:

2-ноябрда Жогорку Кеңеш «Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен колдоду. Эми жалпы элдик добуш берүү 11-декабрда болот. Алдын ала байкалып тургандай, жаңы Башмыйзамды кабыл алууну карапайым калк колдоп берери белгилүү.

Бул демилгени ишке ашырууда КСДП фракция лидери Иса Өмүркуловдун эмгеги чоң болууда. Элге түшүндүрүү иштерин жана Жогорку Кеңештеги карама-каршы күчтөргө туруштук берүү оңойго турган жок. Биздин баамыбызда, буга чейин эле Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган тескери пикирлерге Иса мырза жооп берип, татыктуу коргоочуга айланган эле. Азыр көпчүлүк коалицияны түзүүдө КСДП лидери ийгиликке жетише ала турганы болжонууда. Дал ушундай ырааттуу жана натыйжалуу жүрүшү менен И.Шейшенкулович дасыккан саясатчы экенин тастыктоодо. Тилекке каршы, КСДП фракциясындагы депутаттардын басымдуу көпчүлүгү ооздоруна талкан салып алышкансып, тагдыр чечүүчү саясый күрөштөрдө кетенчиктешкени, ал эми бирин-серин сүйлөгөндөрүнүн деңгээли тайкы болгону, айтор, акыбалдары начар экенин айгинелешти го…

Ошентип, саясый кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша ишенимдүү өнөктөш Иса Өмүркулов кийинки өзгөрүүлөрдө спикер же премьер-министрлик орунга секирик жасашы толук мүмкүн. Себеби, ал кыйчалыш жагдайда жол тапкычтыгын жана мол тажрыйбасын көрсөттү. Эң башкысы, президенте тирөөч болгону менен башкалардан өзгөчөлөнө алды.

Кубат КАРАЧЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: