Menu

Сапар Исаков – көп мураскордун бири гана

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев “кийинки шайлоого аттанбайм жана артыман мураскор калтырбайм” деп сөз берип келет. Бирок айрым саясат таануучулар президенттин сөзүнө анчейин ишене бербейт. Алар “президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков акырындап президенттикке жылып баратат” деген маалыматтын чындыгы бар экенине ишенет. Ал эми экс-депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, президент ушу кезге чейин жетишерлик душман топтогонго үлгүргөн, эгер артынан ишенимдүү адамын калтырбаса, душмандары ага тынчтык бербейт. Ал мындай көрүнүш негизинен диктаторлук өлкөлөрдө актуалдуу экенин кошумчалады.

– Эч убакта президенттин өзгөчө ушул мураскор маселесиндеги “Мен президенттике барбайм, өзүмдөн кийин ордумду баса турган адам калтырбайм” деген сөзүнө ишенбеш керек. Ал публикага айтылган жалган сөздөр. Коомчулукту калпка суугаруу. Бизге окшогон чатагы көп, авторитардык мамлекетте бардык мамлекет башчылар артынан өзүнүн ишенимдүү адамын калтырып, бийлигин ага толук өткөрүп кеткенге аракет кылат. Өзгөчө, бул Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана башка постсоветтик өлкөлөрдө өтө актуалдуу. Атамбаев да ошондой аракеттерди көрө баштады. Эгер антпесе биринчи кезекте мүлкүнөн айрылышы, экинчи кезекте эркиндигинен ажырап калышы мүмкүн. Саясатта президент Атамбаевдин күчтүү душмандары өтө көп. Мен жана башка оппозициялык күчтөр алардын жанында идеалдуусу болуп калабыз. Бийликтен кеткенде аны коргой турган адамы жок болсо, душмандары тынч отургузбайт. Ошондуктан ал айланасын бекем курчаганга болгон аракетин көрөт. Мына президенттикке мураскорлордун бир вариантты көрсөтүлдү, ачыкталды. Президенттин аппаратынын сырткы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду вице-премьерликке, андан ары президенттикке түрткөнү атат. Бирок бул акыркы чечим эмес, Исаков көп варианттардын ичинен бири гана. Кийин дагы башкалары чыгышы мүмкүн.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: