Жогорку Кеңеште Конституциялык реформаны талкуулоодо демилгечилер менен аларга каршы тараптын күчү теңелгендей эле болду. Алгач конституциялык реформага жалгыз гана «Ата Мекен» фракциясы каршы болуп келсе, эми «Өнүгүү», «Бир бол» фракциясынын басымдуу бөлүгү, «Кыргызстан» фракциясынын мурунку лидери Канат Исаев каршы тарапка бут салды. 2-ноябрдагы парламенттик жыйындагы маанайга карасак, анда конституциялык реформаны Жогорку Кеңеште колдоочулардын шайы кетип баратканы байкалат. Жалгыз гана Иса Өмүркулов ынандыруучу сөз сүйлөбөсө, Кожобек Рыспаевге окшогондор үнүнүн жоондугуна салып гана кыйкыруу менен алек.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ