Menu

Түркмөнстанда Гүленге байланышы бар ишкерлер камалууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда акыркы айларда бир нече ири ишкерлер камакка алынды. Алар түрк диний ишмери Фетуллах Гүлен жетектеген «Хизмет» кыймылы менен байланышта болгон деп айыпталып жатышат.

Бийлик Ашхабаддагы популярдуу “AlpEt” рестораны менен “Merdem” оюн-зоок борборунун ээси, түркмөн ишкери Ресул Атагелдыевди насыяларды максатсыз пайдаланууга айыптоодо. Анын достору кеп болуп жаткан насыялар өз учурунда төлөнгөнүн билдирип жатышат. Бирок тергөө акча каражаты Гүлен менен байланышы бар делген чет өлкөлүк компаниялардын эсептерине которулган деп эсептөөдө.

Атагелдиев менен бирге кеминде дагы жыйырмага жакын белгилүү ишкердин камакка алынганы белгилүү. Алар да түрк диний ишмерине байланышы бар деп айыпталып жатышат.

Ишкерлердин камалышы Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдогандын Ашхабадга болчу сапарына байланыштуу деп болжолдонууда. Белгилүү болгондой, Эрдогандын өкмөтү АКШда жашап жүргөн оппозиционер жана белгилүү диний ишмер Гүлен менен анын «Хизмет» уюмун июндагы аскердик төңкөрүш жасоо аракетин уюштурган деп айыптап келет.

Июлдагы окуядан кийин Ашхабадда Гүлендин кыймылынын колдоосундагы Эл аралык түркмөн-түрк университети жабылган. Өлкөдөгү башка көптөгөн түркмөн ишкерлериндей эле Ресул Атагелдыев дагы аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү болуп эсептелет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: