Menu

Видео – Россиянын НТВ телеканалы “Кыргызстан конституциясын жоготуп алыптыр, Атамбаев барактап көргөнү алып кетсе керек” деп шылдыңдады

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-ноябрда Россиянын НТВ телеканалынын “Международная пилорама” аттуу сатиралык теледолбоорунда алып баруучу Тигран Кеосаян Кыргызстанда конституция жоголгонун шакаба чегип, Алмаз Атамбаевдин конституцияга бир колун коюп, президенттике ант берип жатканын видеоархивден алып көрсөтүп, чымчыма комментарийлери менен шылдыңдады:

Алып баруучу: “Бул жумада Кыргызстанда конституция бар экенин эстешти. Кокусунан эле эстеп калышты. Бирок, конституцияны кайра жоготуп алышты. Эми Кыргызстандын чиновниктери бири-бири менен жолугушканда -“Сен Конституцияны көрбөдүңбү?”  деп сурашат. “Жок! Сенчи?”  десе, “Мен да көргөн жокмун. Бирок, ал бар экен” дешет.

Диктор: “Өткөн жумада Кыргызстанда Конституциянын түп нускасы жоголгону дайын болду. Ал парламентте конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум маселесин талкуулоо учурунда аныкталды”.

Жылдыз Мамбеталиева, КР Юстиция министри: “Конституция кайда экенин билбейбиз, Президенттик аппаратта болуш керек” .

Алып баруучу: “Ушунусуна да шүгүр, биринчиден, гашишти борщко татымал катары кошуп көнгөн өлкөдө эмне дегенибиз менен баары бир конституциясы болгон экен. Экинчи жагынан эми эмне кылыш керек деген суроо туулат? Эгер армияда полк өзүнүн туусун жоготуп алса ал полкту жоюп жиберишет. Анда эмне, Кыргызстанды жоюп жибериш керекпи?  Акырын эле компьютерден басып чыгарып алышып, кызыл папкага салып “ушул конституциянын түп нускасы” деп эле коюшса болмок экен. Баары бир аны эч ким окуган эмес да.

А.Молдакунов, Президенттин ЖКдагы өкүлү: “Азыркы учурда конституциянын түп нускасы кайда экенин айта албайбыз…

Алып баруучу: “Биз Кыргызстандын президенттик аппаратына чалып “Конституцияны кайдан издеш керек?”  деп сурасак, “кайда, кайда? Карагандыда?” деп жооп беришти. Ошентип өздөрүнүн башындагы мүшкүл ишти кошуналарына түртүп салышты. Мен кыргыздарга мындай сунуш берет элем: Конституциянын түп нускасын президент ант берип жаткан трибунанын астынан издегиле. (Видеокадрда Алмаз Атамбаевдин конституцияга бир колун коюп ант берип жатканы жана андан бир кадам алдыга чыгып тууну өөп жатканы көрсөтүлөт).  Карагыла, Атамбаев тууну өпкөнү басып кетти, а конституция трибунанын үстүндө жаткан бойдон калды. Балким байкуш конституция ошондон бери ошол жерде чаң басып жаткандыр. А балким президент жөн эле барактап көрөйүн деп алып кеткендир, ага деле кызык да…”

https://www.youtube.com/watch?v=xHYhOFiyGcI

Булак: НТВ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: