Menu

Казакстандык үй-бүлө Сирияга Бишкек аркылуу барууга аракет жасаган

Бөлүшүү:

Казакстандык үй-бүлө эмчектеги баласы менен кошо 2016-жылы мартта Бишкек аркылуу Сирияга барып, согуштук аракеттерге катышууга аракет жасаган. Бирок алар кармалып, жоопкерчиликке тартылышты.

Караганда облусунун прокуратурасы кабарлагандай, сот Казакстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, террордук топко кошулууга аракет жасаган Турсынбаевди 6 жылга эркинен ажыратты. Анын өмүрлүк жары Сагатова 6 айга шарттуу түрдө кесилди.

Прокуратуранын маалыматы боюнча Турсынбаев менен Сагатова мыйзамсыз түрдө кыргыз-казак чек арасын кесип өтүп, Бишкекке барышкан. Алар андан ары Түркия аркылуу Сирияга барышмак. Ал жакта үй-бүлөнүн башчысы “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулууну максат кылган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: