Menu

Жанар жарыла чындыкты айтып, жогор жакка каяша кылды

Бөлүшүү:

КСДПда “шефине” каяша айтчу киши жок дечү эле, эми бирөө табылды. Ажо барган жеринде “Конституцияга каршы болуп жаткандар мамлекеттин чыккынчылары” деп сөз сүйлөп жаткан. Аны КТР күнү-түнү тынбай эл жадаганча көрсөтчү. Президенттин маалымат катчылыгынан КСДП тизмеси менен депутаттыкка секирик жасаган Жанар Акаев жаш болсо да ажонун сөзүнө каяша жооп айтты. “Баш мыйзамды колдобогондорду желмогуз, колдогондорду баатыр кылганыбыз туура эмес. Душман, ууру, кыргыз элинин чыккынчысы сыпаттап, каралоону токтотуш керек” деди. Мындай сыпаттоону өлкөнүн биринчи адамы айтып жаткан. Бийликке жакын адамдар 2010-жылдан бери өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болгонун мактануу менен айтып келсе, ачуу чындыкты чыркыраткандар көзгө басарлык өзгөрүү болбой жатканын айтып келе жатабыз да. Жанар Акаев да өлкөдө чоң өзгөрүү болбой жатканын айтып кейиди. “2010-жылкы ыңкылаптан кийин эмне өзгөрдү? Экономикабыз дүңгүрөп өсүп, өнүккөн 50 мамлекеттин катарына кошулуп кеткен жерибиз жок. Болгон мактанычыбыз сөз эркиндиги эле. Бирок, ошол сөз эркиндигибизди сактап калышыбыз керек да. Мамлекеттик ММКларда эки тараптуулук, калыстык жок. Эл аралык журналистиканын жөнөкөй эрежеси бар, Асанга сөз берсең, Үсөнгө да сөз бер. Бизде андай болбой жатпайбы! Коомдо ар түрдүү пикир болуш керек, башкача ойлонгон адамдарга да сөз беришибиз керек. Эки тарапты бирдей чагылдыр, курч бол, бирок калыс бол деген. Бизде андай болбой жатпайбы! Башкача ойду айткан адамдарга да сөз беришибиз керек, элге дагы. Сөзсүз эле ошол бир адамдай ойлонушубуз керек деген — бул туура эмес. Акаевчи жана Бакиевчи деген сөздөрдү абайлап колдонсок. Эмне өсүп-өнүгөлү, реформа жасайлы десек азыр Акаев менен Бакиев жолтоо болуп жатабы? Же ошолордун кадрлары бизди колдон кармап алып өнүкпөгүлө, өспөгүлө деп жатабы? Андай жок да. Ошондуктан алдыны карап жылбайлыбы, артка карагандан пайда жок. Анан Конституцияны өзгөртүүгө ким каршы чыкса кылмыш ишин козгой койгону эмнеси? Анда эмне аны мурда козгогон жоксуңар? Же ошол эле Акаевчи, Бакиевчилер биздин арабызда жокпу? Бардык жерде бар. Акаевчи, Бакиевчилер жок бир да партия жок. Ошондуктан жаңы саясый маданиятты калыптандыралы. Реформаларды жасайлы» деген “бала” Акаев үнү чыкпай шүк олтурган партиялаштарынын оозун ачырды. Жанардын жарылып айтканы турмуш чындыгы.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: