Menu

Жанар Акаев, КСДПчы депутат: “Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт, анан жок болушат”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев президент А. Атамбаевдин өзү тууралуу айткан сын пикирине жооп катары интернет Фейсбуктагы баракчасына мындай 4 сап жазды:

“Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,

Көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт.

Жолду көрбөй жок болушат акыры,

Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт”, – дейт депутат.

Эскерте кетсек, президент Алмаз Атамбаев депутаттын “Качанкыга чейин Акаев, Бакиевди Кыргызстандын өнүкпөй жатканына шылтоо кыла беребиз, эмне алар келип бизге тоскоол болуп жатабы? Токтотпойсуңарбы ошонуңарды!”, деп айтканына ызаланды. Президент 4-ноябрда журналисттерди куттуктап жатып: “Жанагы балашка Жанар Акаев билбейт го,  анткени анын шайлоодо дагы каражатын биз көтөрүп бергенбиз.”,- деп зекип өттү эле.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: