Menu

Эрнис Кыязов, журналист: “Алайдын эркин абасынан дем алып өскөн Жанар Акаев Атамбаевге “ме мандатыңды!” деп басып кеткени чон эрдик болот го…”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев: Биздин бир жаш балабыз айтыптыр Жанар Акаев “Акаев, Бакиевдин эмне залакасы бар?”- деп.. Ал “балашка” билбейт го,.. анткени анын шайлоодо да каражатын биз көтөрүп бергенбиз.

1). Шайлоодо каражатын биз көтөрүп бергенбиз.. – дейт президент. Бу кандай?.. “Биз” дегени ким? Атамбаев башында турган КСДП партиясыбы? А эл ойлоп жүрбөйбү “президент шайлоого кийлигишкен жок, аралашкан жок, чыныгы атаандаштык менен өттү окшойт шайлоо..” деп?! Журналисттик мээнети менен элге таанылган Жанар Акаевге кыйытып ачык эле “каражатын биз көтөрүп бергенбиз..” деп жатат,.. анда журналисттик майданда өз мээнети менен өз аброюн өзү түптөгөн КСДПдагы журналист-депутаттар Жылдыз Мусабекованы, Рыскелди Момбековду да “каражатын биз көтөрүп бергенбиз..” деп күпүлдөбөйбү бир күнү? Кокус эртең “өз каалоосу менен” мандатын тапшырып берген Мээрбек Мискенбаев бийликти анча-мынча сынданан пикирлерин билдирип баштаса “шайлоодо ал балашканын да каражатын биз көтөргөнбүз” деп балп эткизбейби? Бакандай өлкөнүн бакыйган президентинин айткан сөздөрүндө не мандем жатат?.. Демек азыркы “парламентаризм” заманында чөнтөгүндө пулу барлар “каражатын көтөрүп бербесе”.. жаштар баары бир депутат боло алышпайт деген сөзбү бул???

2). Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешиндеги эл шайлаган өкүл Жанар Акаевди ДЕПУТАТ деп жүрсөк, ал “балашка” экен да?! Атамбаев айткан “БИЗ”..дин Жанар Акаевге буга чейинки мамилеси кандай болуп келгенин билбейм, бирок мындан ары ошол “БИЗ” категориясына кирген кишилер Жанар Акаевге “ …биз каражатыңы көтөрүп берген үчүн” депутат болуп жүрөсүң эй балашка” деген маанидеги мамиле жасоосун улантса,.. Алайдын эркин абасынан дем алып өскөн иним “ме мандатыңды!” деп басып кеткени чон эрдик болот го…

Эрнис Кыязов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: