Menu

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясий илимдердин кандидаты, доцент: “Президенттикке мураскер операциясы эми башталат”

Бөлүшүү:

-Чолпонбек агай, Конституцияны өзгөртүү боюнча сиздин ойду уксак?
– Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгеден трагедия жаратуу, ал өлкөдөгү абалды аласалдырат деп айгай салуу аша чапкандык деп эсептейм. Башынан эле биз Конституцияга кайра – кайра өзгөртүү киргизе берип ашмалтай кылып алдык. Өлкөнүн экономикасынын чабал бойдон калышы, социалдык-экономикалык көйгөйлөргө Конституция күнөөлүү эмес, ага болбой эле ар дайым Конституцияны ала жатып көнбөдүкпү. Конституция биз үчун ыйык болбой калган. Бул бизде саясий салтка айланып калды десек да болот. Эгер 1993-жылкы Конституцияны сактап калганда, баш мыйзамга байланышкан көйгөй аз болмок. Түпкүлүгүндө ошол 1993-жылкы Конституциядагы бийлик бутактарындагы ыйгарым укуктарга байланышкан жоболорду алгач отоп-бутап кайра киргизип, убакыттын өтүшү менен кайра оңдоп-түзөп эле келе жатабыз. Кыскасы Конституция биз үчүн кол тийгис болбой калган. Анын айкын мисалы Конституциянын түп нускасынын орду түбү менен жоголушу. Бул шермендечиликтин жеткен чеги.
– “Ата Мекен” партиясынын Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жатышынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Мында алтернативдүү үч себеп болушу мүмкун: Конституцияны иштеп чыккан атасы “Ата Мекендин” лидери. Баласын курмандыка чалганы жатса атасынын реакциясы мындан башкача болушу мүмкүн эмес. Бул жерде болжолдуу дагы бир себеп бар. Менин пикиримде жай айларынын башында президент Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин формалдуу эмес жолугушуусу болгон. Анда негизги сөз келээрки президенттик шайлоо, мураскерлик жөнүндө сөз болгон. Өмүрбек Чиркешович президентке “өз кезеги келгенин, көп жылдык эмгеги барлыгын, жолу улуулугун кыйытып, мадырабаш саясатчыларга ставка кылганын токтотушун жана ага жол чаап берүүсүн талап кылган шекилдүү. Балким Атамбаев жаңы генерациянын өкүлдөрүнө басым жасаарын, анын поезди өтүп кеткенин айткан. Ага Текебаев адатынча катуу да, ачуу да айтып баса берген. Ага теригип калган өлкө башчы Текебаевге “больно” кылуунун жолун Конституциядан көрүп демилгени баштады, анан эгемендик күнүндөгү сөздөр. Ошентип “процесс кетти”. Үчүнчүсү: Коомчулук алдында президентке ачык каршы чыгып жаалданган тирешүү менен келерки жылкы президенттик жарышка реванш алуу. “Ата-Мекендин” лидеринин акыркы секиригиндеги өзүн актай турган жалгыз жол ушул.
– Саясий кырдаал мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн?
– Өкүнүчтүүсү эки инсандын жеке тирешүүсү өкмөт менен оппозициянын тирешине айланып бара жатат. Бул каршылашууда улам жаңы жагдайлар ачылып, эки жак теңартка кайтпай турган абал түзүлүп калды, бир чети тиреш кызыл сызыкка жакындап калгандай. Бардыгы, коомчулук, анын ичинде саясий жактан активдүү масса каяка оойт кеп ошондо. Эгер элге “Мегакомдогу” үлүшү боюнча маалымат далилденип калса “Ата Мекен” партиясына кыйын болот го. Бул бир чети саясий элитанын кристалдашуусуна алып келет, оппозиция да “апакай” эместигине, кой терисин жамынып чыга келген “карышкырлар” экенине, бийликтин да осол жоруктарына, өкмөттүн айрым үлкөн мүчөлөрүнүн коррупциялык, мандемдүү өтмүшүнөн улам алардан да күмөн санаган коом алардын саясий карьерасына шайлоолордо чекит коет же чыдамы чегине жетип башкача кадамга барат. Же улуу муундун саясатчылары бирин-бири жеп тынат.
-“Мегакомдогу” үлүштөргө байланышкан жаңы жагдай абалга таасир этеби?

– Сөзсүз түрдө 2010-жылы мамлекетти, мамлекеттик мүлктү кимге ишенип тапшырганбыз деген күдүк ой пайда болду коомдо. Бул майда-чүйдө саясий кайым айтышуу эмес, тараптардын бирин-бири бул жолку күнөөлөөсү өтө олуттуу. Эгер бул фактылар акырындап жабылып тынчып калса бийликке да, оппозицияга да аброй алып келбейт. Эми Текебаев тарап андан да чуулуу фактыларды көтөрүп чыгышы мүмкүн.
– Бул эмнеден кабар берет, революциябы же төңкөрүшпү?
– Эмки төңкөрүш, мейли революция жакшылык алып келбейт, Кыргызстан аны көтөрө албайт. Албетте бул окуялар “ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма ” дегендик. Мындай саясий кырдаалда, тигиндей социалдык-экономикалык шартта бийликтин да, оппозициянын да бедел-баркына урулган оор сокку. Андай шартта эл кийинки жылкы президенттик шайлоого чейин шашылыш “таяныч точка” издөөгө аргасыз. Кризистердин фонунда “мураскерлик операциясы да өтпөй калышы мүмкүн. Негизи бийлик бул жолу Конституция маселесин көтөрүп чыккандан көрө, мураскер операциясын ийгиликтүү ишке ашырганга жан үрөсө болмок. Убакыт тарып бара жатат. Эл президенттен Текебаев менен кайым айтышууну эмес, татыктуу адамды таап, аны жылдырып, бийликти ишенимдүү колго табыштап, Ельциндей кетээринде элине чоң жакшылык кылып кетишин күтүп жатат. Жаңы келген президентке бул Конституция да жакпай калаарын, баары бир өзгөртүүгө ал да бараарын бөркүңүздөй көрүңүз.
– Жаңы түзүлгөнү жаткан коалиция кандай түзүлөт, туруктуу боло алабы?
– Коалиция кандай курамда түзүлөөрү белгилүү болуп калды го. Мында “Республика – Ата-Журтка” көктөн тилегени жерден табылып, жакшы кырдаал түзүлдү. Өмүрбек Токтогулович жакшы учурда реванш алды, антип-минткиче жыл жаңырып, ажолук жарышка бейрасмий старт берилет. Бабанов премьерликте аз гана иштеп, элдин эсинде энергиялуу, салыштырмалуу жаш реформатор жетекчи катары калган. Ал өткөндө премьерликтен бир жыл кеч кеткенде артынан жаман сөздү, терс имиджди чаптай кетмек. Эгер ага премьерликти беришсе, президенттикке талапкер катары анын карааны калдая баштайт.
Коалицияны жашатпай жатып түбүнө жетчү дагы бир фактор бар. Ал коалицияга кирчү дагы бир партия лидеринин президенттик амбициясы. Бирок Канат Исаев бышып жетиле электигин көпчүлүк билет. Ага болбой эле Канат Кедейканович бул жолу алга умтулса бирикменин келечегине олуттуу доо кетирет.
– Өкмөт башчылыкка токтолууда жаңы фигура пайда болуп, президенттикке мураскерлик операциясы эми башталабы?
– Убакыт өтө тар, президенттик шайлоого чейин ал фигура өзүн көргөзүп кала турган аянтча премьерлик. Келээрки жылкы шайлоодо жеңишке жетүү үчүн болгон күрөш эмки жылы ачыкка чыгып ар бир дымагы бар саясатчы жан үрөйт. Оппозициянын туусун көтөрүп чыкчу Ө.Текебаев оңой жоо эмес, башкасы бир тең, ал өзү бир тең болчу. Албетте президентте мураскерликке Сапар Исаков, Иса Өмүркулов сыяктуу эки муунда тең “запастагы фигуралар бар”.
Бир чети бул жолу ажобуз силердин негизги максатыңар президенттикке ат салышуу, президент болуу, ага даярдангыла деп, нейтралдуу адамдар азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өзүн калтырып же И.Өмүркуловду койсо мамлекет кызыкчылыгындагы чечим болмок.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: