Menu

Амантур Мусагулов, журналист: “Журналист болуп жүргөнүм менен журналистика багытында билим алган эмесмин”

Бөлүшүү:

— Журналистиканын казанына кантип түшүп калдың?

— Мен журналист болуп жүргөнүм менен журналистика багытында билим алган эмесмин. Тагыраагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетин аяктагам. 2003–2005-жылдары КТРдин эфиринен чыкчу “Чечен Айтыш” телесынагына дагы катышып, финалга чейин чыккан жайым бар. Өзүм таза кыргызча сүйлөп, кыргыз тилин өнүктүрүп-өстүрүүгө салым кошкум келет. Ошондон уламбы, айтор, мен ушул журналистика тармагына кызыгып кеттим. 2007-жылдар болуш керек эле, анда мен студент болчумун. “Чечен Айтыш” телесынагына катышып жүргөндө тапкан агам Кубаныч Зайнидинов “Аалам” гезитинде эмгектенчү. Кубаныч Зайнидинов азыркы калемгерлердин сап башында десем жанылышпайм, ошондогу “Аалам” гезитинде Кукеден башка дагы тилине тикенек ширетип алышкансыган курч калемдүү журналист агаларым Аслан Сартбаев, Азамат Кыязов дегендер иштечү. Мен ушул агаларымдын ар бир жазган макалаларын окуп таасирленчүмүн. Ошолордой курч тилдүү журналист болгум келип, шыктангынымды танбайм. Анан ошондой күндөрдүн биринде Кубаныч байкеге журналист болгум келгенин айттым, ал болсо: “сабактан кийин келип, штаттан сырткары кабарчы болуп материал жаза бер. Азырынча саясатка тишиң өтпөйт, шоу-бизнести, маданиятты жазсаң болот” — деген пикирин билдирди. Кудуңдаган боюнча кетип эртеси эле ишке чыктым. Алгач шоу-бизнес тармагындагы жаңылыктарды жазып баштаганым эсимде. Ал эми эң биринчи чоң көлөмдөгү маекти ал кезде атагы таш жарып турган эстрада ырчысы Темир Назаровдон алгам. Кадимкидей сүрдөгөнүм эсимде. Кандай жазганымды ким билсин, колумдан келишинче жакшы жазганга аракет кылгам. Жазып бүтүп Кукеме берсем, ал оңдоп-түзөп туруп гезитке чыгарып, гезит чыкканда мактаган. Мактоо кимдерге гана жакпайт, мактоого семирген жаным баш-отум менен журналистикага кирип кеткен боюнча ушул тармактын казанындамын.

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: