Menu

Кыргыз жергесинин «периштеси»

Бөлүшүү:

Бийлик чокусуна жеткен адамдар укмуштай өзгөрөт экен. Акаевдик режимге каршы чыгып, демократиянын чоң жактоочусу болуп калган КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн экинчи жарымында өзүнө окшобой калды. Же, тетириснче, анын көп жыл бою адам эркиндиги менен укугунун коргоочусу деген бет кабынын артындагы чыныгы жүзү көрүндү.

Анда өзүнө каяша айткандарды жана каяша айтууну каалагандарды тебелеп-тепсеп салгысы келген өкүмдарлык чечендик ойгонду. Мурда көп жабыркагандыктын, өтө сезимталдыктын көрүнүшү катары кабыл алынып жүрчү кадимки туталануунун ордун натыйжасын эч ким аңдап биле алгыс жүрүм-турум ээледи.

Мындан эки жыл мурда Атамбаев оппозицияга жана эркин басма сөзгө карата кандай келишкис позиция ээлегени тууралуу жүз жолу жазылды. “Вечерний Бишкекти” агасын өлтүрдү деп күнөөлөдү. Саясатчыларды, басма ээлерин жана журналисттерди өлкөдөн чыгарып жибербегенине өкүнгөнүн айтты. Журналистти сабай албаганын ачык айтып күйүндү. Өлкөдөгү эң ийгиликтүү жана дасыккан басма ишкери А.А.Кимдин адилетсиз соттор аркылуу бүлгүнгө учураганы ансыз болбогону айкын болду. Өзүнө карата сын айткан журналисттерди миллиондогон доолор менен жүрөк үшүн алып, репрессия менен коркутуп өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылды.

Анан эмне болду? Убактылуу өкмөт боюнча өз коллегаларына карата катуу жана келишкис позицияга өткөн Алмазбек Атамбаев алардын баарын нөлгө чыгарып, жалгыз өзү гана таптаза, акылман жана адилет башкаруучу болуп чыга келди. Өлкөдө мындан кийин боло турган жакшыруулар тууралуу пландары менен кыялдарын элге дээрлик күн сайын чыгып айта баштады. Мамлекеттин башкы кабинетинде олтураганына 5 жыл эмес, 5 эле күн болуп, баары ал үчүн алдыда тургансып. Алар болсо мындайча.

2016-жылдын 31-августу. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын майрамдоо.

“Жаңы мамлекеттүүлүктү түзүүдө бир нече чынында чечкиндүү жана маанилүү кадамдарды жасаган соң биринчи президент Аскар Акаев жана өлкөнүн айрым жогорку жетекчилери бийлик үчүн күрөштүн жана интригалардын сазына батып калышты”.

Өзүнө сын көз менен кароо деген караманча жок. Убактылуу өкмөттү көркоолук (мародёрлук) менен күнөөлөө, бийликти А.Атамбаевге колмо кол өткөрүп берген Р.Отунбаевага карата жигиттик эмес мамиле жасоо. Бийлик үчүн күрөштөгү мурдагы майдандаштары менен ачык каршылашууну баштоо.

2016-жылдын 28-октябры. Студенттерге атайын стипендияларды тапшыруу.

“Мен алгачкы жолу парламенттин депутаты болгондо эртең менен жумушка шашсам, жумуштан кийин үйгө шашсам деген кыялым болгон. Бул кыялым ишке ашты. Бирок кээде менде ишке барайын деген ниет анчалык деле болбой калат, ачык айтайын, саясат деген ушундай булганыч нерсе”.

Саясаттагы булганыч өзүнөн өзү пайда болбойт, аны булганыч саясатчылар жасайт. Мурдагы президенттен мамлекетке алынып, бирок мамлекеттин эсебине киргизилбей, А.Атамбаевдин сарайы үчүн сатылып алынган жердин актысындагы коррупциялык өзөктү эле айталы. Мамлекет башчысынын ишенимдүү адамына жер саткан аялдын күйөөсүн андан кийин баш калаанын мэрлигине дайындоо. Алмактын бермеги бар же кол ийрисине тартат дейт. Таза саясаттын үлгүсү ушубу?

“Эгер силердин жакшы кыялыңар болсо, ал кыял өтө чоң болбосо деле, анын артынан түшкүлө жана эч убакта андан кайра тартпагыла. Майдадан баштап чоңго жеткенге аракет кылгыла… Азыр таза, акылдуу, билимдүү жана эмгекчил жаштардын мезгили… Кандай да иш болбосун сыймыктануу керек. Иштегендерди сыйлаш керек”.

Ушу да сөзбү? “Таза, билимдүү, эмгекчил жаштардын” ордуна мыйзам чыгаруу бийлигинде дээрлик көпчүлүгүндө карөзгөй, билимсиз, шылуун байлар, сот тармагында адилеттүүлүк деген эмне экенин билбеген, бирок доллар менен сомду жону менен сезген, президент менен анын жан-жөөкөрлөрүнүн каалаганынын баарын аткарган судьялар. Ал эми жогоруда аталган жаштар болсо жумуштай жумуш табуудан үмүтү үзүлгөн, себеби, өтө акылдуу.  

“Бүгүнкү парламент 2020-жылга чейин жакшы мыйзамдарды, анын ичинде шайлоолордогу катаал тизме тууралуу мыйзамды да кабыл алат деп ойлойм. Себеби акыркы шайлоолордо алдоо болду, көп партиялар өз шайлоочуларын алдап кетишти. Тизмесин карасаң ар бир төртүнчүсү жаштардын жана улуттук азчылыктын өкүлү, ар бир үчүнчүсү – аял. Парламентке келгенде баарын кууп жиберишип, акчалуу адамдарды гана калтырышты”.

А бизди 2015-жылы күзүндө Жогорку Кеңешке дүйнөдөгү эң таза шайлоо болду деп ким ишендирди эле? Ага Алмазбек Атамбаевден башка ким сыймыктанып, сүйүндү эле?

Стундеттер менен болгон ушул жолугушууда ал Жогорку Кеңешке бул парламент өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек, ал эми кийинки шыйлоолордо мындайды (жогорудагыдайды) болтурбаш керек деген белги берди. Кулагы бар киши угат. Эгер парламенттеги фракциялар көпчүлүктүн коалициясына бирикпесе, андан соң коалиция да, партиялардын бири да премьер-министрдин кандидатурасын бекитүүнү белгиленген мөөнөттө ишке ашыра албаса, анда парламент тарайт – бул бир. Ал эми кийинки шайлоого азыркы депутаттар үмүт кылбашы керек – бул эки. Демек, өздөрүн туура алып жүрүүгө тийиш.

“Акыркы жылдарда биз биздин элдин ушунчалык күч-кубатын ойгото алдык, менимче, Кыргызстан менен аймакта эч ким теңтайлаша албайт. Коңшу өлкөлөрдөгү көптөгөн саясатчылар мени ушул үчүн сүйүшпөсө, башында күлүшсө да мейли. Бирок көрөсүңөр, мындай эл менен, мындай өлкө менен биз баарына жетебиз, кууп өтөбүз жана ашып кетебиз”.

Далил катары Алмаз Шаршенович экономиканын көтөрүлгөнүн, элдин жашоосу жакшырганын эмес, “айкын мисалды айтат: дайыма көрсөткүч болуп искусство саналат. Биздин фильмдерди, бийлерди, ырларды… көрүп атасыңарбы”, – деп айтат. Бул эмне деген сөз. Бизди шылдың кылып атабы? Биздин жакшы фильмдерибиз, ыр, бийлерибиз болсо, демек, “жашоо жакшы, жашоо көңүлдүү” болуп калат деп ойлойбу? Кыз куумайда жеңерибизде талаш жок. Бирок мамлекет башчы жашоо деңгээли боюнча кимге “жетип, кууп өтүп, ашып кеткиси” келип жатат? Гондурастыбы? Эл аралык Валюта Фондунун тизмесинде ички дүң продукт боюнча ал Гондурас 130-унчу, а биз болсо ардактуу 143-орунда экенбиз.

2016-жылдын 26-октябры. Чет элдик элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алуу.

“Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү күч структуралары менен прокуратура органдарын реформалоого мүмкүндүк берип, бизнести текшерген органдардын санын өтө азайтканга шарт түзөт. Башкача айтканда, бул Кыргызстанда бизнес үчүн бейиш жаратат.Өтө аз текшерүү, өтө көп колдоо болот. Парламент да, Кыргызстандын эли да муну колдойт деп ойлойм. Аймактагы, КМШдагы эң жакшы шарт бизде болот”. 

Элчилер, балким, бул жакшы сөздөргө ишенгендир. Бирок ата мекендик бизнесмендердин ишенгенинде шек бар. Бул укмуш пландарды президенттин “падышанын ордунда” олтурган 5 жыл ичинде жасап коюшуна ким жолтоо болду? Бизнес үчүн бейишти? Бул болушу да мүмкүн, бирок №1-персонага түздөн түз жакын жашаган адамдардын колуна топтоо үчүн гана болушу мүмкүн. Эгерде башка колдорго да топтош керек болсо, анда абалды акчаны өз пайдасы үчүн салыштырмалуу таза жасоонун 400 амалын билген гениалдуу шылуун Остап Бендер да билбеген схема боюнча токтоосуз өзгөртүү керек.

“Жөнөкөй адамдар канчалык бай болсо, өлкөдө бизнес ошончолук чоң болот, бизнес канчалык жакшы жашаса, өлкө жалпысынан жакшы жашайт”.

О Кудай, бул Ньютондун аныктамасы да! Мамлекет башчы 60ка чыкканда араң жеткен татаал акыл тыянагы болуптур. Эмне үчүн жөнөкөй адамдар ушуга чейин этеги эки болбой келатышат? Майда сайлуу узун моюндары аркылуу эң жөнөкөй чындык баштарына чейин көтөрүлө албай жатканы үчүнбү? Эмне үчүн республиканын тышкы карызы асмандап (Каржы министрлигинин жупуну эсеби боюнча эле 4 миллиард долллар), Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин тушунда 2010-жылдын январына салыштырганда эки эсе өстү? АША шыбагандан талбаган Бакиевдин тушунда 5 жыл ичинде Акаевден калган карыз 500 миллион долларга азайган. АШАнын тушунда болсо 2 миллиардга көбөйдү. Балким Алмазбек Атамбаев Бакиевди дал ушунусу үчүн жаман көрүп: “Бийликти сындагандардын баары Бакиевдин үй-бүлөсүн дагы эле тейлеп жатышат”, – деп айтып жаткандыр. Мындан өткөн нонсенс болобу? Сындабагандын баары Атамбаевди жана анын жан-жөөкөрлөрүн тейлеп жатабы?

2016-жылдын 20-октябры. Баш калаанын “Арча-Бешик” конушунда спорт комплексинин ачылышы.

“Конституцияга каршы кыйкыргандар өлкөгө каршы кыйкырып жатышат”.

Күлкү келтирээр тыянак. Президент мырза, сылык айтканда, ашынып кетти. Эч ким Конституцияга КАРШЫ кыйкырган жок. Түзөтүүлөрдүн маанисин түшүнгөн көптөгөн адамдар Конституция ҮЧҮН ошол ОҢДООЛОРДУН өзүнө КАРШЫ болуп жатышат. Негизги мыйзамга 2020-жылга чейин тийбөө үчүн, Убактылуу өкмөт бекиткен мораторийди сактоо үчүн чыгып жатышат. Анткени түзөтүүлөр жарандардын укуктарын бузат, парламенттик республика түзүү тууралуу катуу кыйкырык аркылуу парламенттин маанилүү укуктарын кесип, президентти формалдуу алсыратымыш болуп, премьер-министрди күчөтөт. Судьялардын көз карандысыздыгын биротоло жокко чыгарат, ошондой эле Конституциялык палатаны Жогорку Соттун мааниси жок коштондусуна айлантат. Бул Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөрдүн кыскача айтылган гана кесепеттери.

“Аларга (“Конституцияга каршы кыйкыргандарга” – Р.П.) өлкөдөгү жарыктын, жолдордун кереги жок, аларга биздин өлкөнүн кереги жок. Аларга өздөрүнүн мандаты жана чөнтөктөрүн толтуруу гана керек. Муну эсиңерден чыгарбагыла, себеби силер жаңы президентти шайлайсыңар”.

Кандай нарксыз демагогия! Мамлекет башчы амалдуулук менен тезистерди алмаштырып, өзү далилдөөнү максат кылгандан башка тезисти далилдеп, атайылап логикалык калпыстык кетирип жатат. Атап айтканда: “Конституцияга каршы” делген адамдарды президент өзү ойдон чыгарган толгон бузукулуктар менен күнөөлөп, “аларга биздин өлкөнүн кереги жок” деп тыянак чыгарат. Ушул мамлекеттеги биринчи адамдын сөзүбү? Эл башынын сөзүбү?

“Журналисттин милдети кимдир-бирөөнү мактоо же кимдир-бирөөнү жамандоо эмес, журналист факты тууралуу жазышы керек. Уялгыла!”

Уялам. Фактылар тууралуу жазып жатам – дал ушул сөздөрдү аталган убактарда президент айтканын эч ким танбайт да. Эми Кыргыз Республикасынын Конституциясы берген өз пикиримди билдирүү укугумдан пайдаланам.

Президенттин акыркы айлардагы туталанган, көп учурда өзүнөн аз эле чыгып кетпеген жүрүм-турумунун себеби эмне деп ойлоном. Аны Негизги мыйзамга көшөрүп өзгөртүү киргизүүгө, аны киргизүүнүн жана жалпы элдик талкуулоонун процедураларын бузуу менен жасоого эмне түртүп жатат? Эмне үчүн баары мынчалык шашылыш, ойлонулбай, референдум жарыялоонун мыйзамдык эрежелери сакталбай жасалып жатат? Эмне үчүн биз 30 өзгөртүүгө “макул” же “каршы” деген бир сөз менен жооп беришибиз керек? Эмне үчүн, акырында, Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык премьер-министрди шайлоо бүтүндөй бир жылга кийинкиге калтырылат?

Акыркы суроонун жообу айдан ачык: анткени ошол учурда Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүтөт да, жумушчу стажын жоготпой премьердин креслосуна барып олтура алат.

Ага эмне үчүн премьердин креслосу ушунчалык керек? Анткени ал көптөгөн адамдар аны экинчи мөөнөткө калышын суранып жатканын билдирсе да президенттик үчүн дагы ат салышпоого убада берген. Ал кайсы адамдар, эмне үчүн суранып жатышат? Анын тушунда кимге көңүлдүү, жыргал жана жылуу болуп, мамлекеттик акырда чөмүчүн кармап, мискейине бекер байлык сузуп кетүүнү күткөндөрдөн башка ким ошентет?

Быйылкы жайда Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүшкө аракет жасоодон кийин “Себат” мектептери үчүн Алмазбек Атамбаевдин Режеп Эрдоган менен  мамлеси кескин бузулганына баарыбыз күбөбүз. Андан мурун да Кыргызстандын президенти түрк аскер-аба күчтөрү орустун самолётун атып түшүргөнүнө байланыштуу, балким, аргасыздан, Россиянын позициясын ээлеген инцидент болгон.Россия менен Түркия элдешип алышты, ал эми АШАнын ишенимдүү достугу боюнча биринчи телефон чалуу ошондо болгон. Анын артынан экинчиси, баштагыдан катуураагы болду. Натыйжада БУУнун Башкы ассамблеясына бараткан жолдо ооруп калган А.Атамбаев түрк клиникасында дарылана албай, Москвага учууга аргасыз болду. Res Publica кезитинин Анкарадан берген материалында жакында түркиялык атайын кызматтар биздин президенттин жанында Гюлендин адамы жүргөнүнө байланыштуу өмүрүнө коркунуч бар экенин эскерткени айтылды. Эми өткөн жылы 2016-жылдын декабрына белгиленген Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңеши Кыргызстандын позициясы үчүн Бишкекте такыр эле болбой калышы таң калыштуу деле эмес.

Бул факторлордун баарын эске алганда Атамбаевдин Түркиядагы бизнеси эмне болот деген ойго өзүңөн өзүң келесиң. Ал менин Түркияда бизнесим жок, ким тапса аны алып алсын деп айтпады беле. Бадким, таарынган түрктөр аны таап, алып алгандыр? Биздин мамлекет башчы өз мөөнөтү бүткөн соң кандайдыр бир иш кылышы керек да? Дал ошол учурга карата анын өлкөдө бардык артыкчылыктары менен калышы үчүн референдум да, өзгөртүүлөр да ойлонулуп чыккандыр?

Азыр мамлекет башчы өзүнүн өлкөгө, элге, анын таланттарына, студенттерине, спортсмендерине, бизнесмендерине карата сүйүүсү тууралуу жалындуу сөздөрүн сүйлөп жатат. Өлкөнүн татыктуу адамдарына, анын ичинде анча татыктуу эмесине да улуттук кызыкчылыкты коргоого жардам бергени үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен акча каражаттарын тапшырып жатат. Алдыңкы студенттерге стипендия ыйгарып жатат. Сүйлөп атат, сүйлөп атат, сүйлөп атат… Карасаң улуттун акылман, таптаза атасы. Баарына тим эле аруу периштедей жакшы көрүнүүдө.

Ал эми периштелер тууралуу Евгений Евтушенко эмне деди эле? “…Жашоодогу эң коркунучтуу шайтан мурда периште болгонун билип койгула”, – дебеди беле.

Рина Приживойт

Орусчадан которгон Бейшенбек Бекешов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: