Menu

Сооронбай Жээнбеков Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жайыт пайдалануучулар бирикмелерине гранттык сертификаттарды тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-ноябрда, Ош облусуна жасаган бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жайыт пайдалануучулар бирикмелерине «Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү – 2» өкмөттүк долбоорун ишке ашыруу алкагында жайлоо пайдалануучулар бирикмелерине гранттык көмөк алууга сертификаттарды тапшырды.  Аткаруучусу АРИС эсептелген аталган долбоор алкагында конкурстук тандонун негизинде Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын 21 жайыт комитети жалпы суммасы  164 млн 300 миң сомдук гранттык көмөк алган. Долбоор башка облустарды да камтымакчы. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн агрардык сектору алдында турган милдеттердин жыйындысын атады. «Жайыттар жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы менен көптөгүн милдеттер чечилди, бирок жайыт тармагын, инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча алдыда турган маселелер арбын. Жайыттар өлкөнүн байлыгы эсептелээрин белгилеп, агрардык тармак өкүлдөрүн аталган ресурска камкордук менен мамиле кылууга чакырды.

«Биз дүйнөлүк өндүрүүчүлөргө атаандаштык түзө алабыз¸анткени биздин продукциябыз экологиялык жактан таза эсептелет. Болгону анын көлөмүн жогорулатып, сапатын жакшыртуубуз тийиш», – деп белгилеген ал бул багытта Өкмөт активдүү иш жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады. Заманбап талаптарга жооп берген ветеринардык, фитосанитардык лабораториялардын курулушу жана модернизацияланышы жыйынтыкталган соң, келечекте айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын тышка экспорттоо көйгөйү толугу менен чечилет, – деп белгиледи Премьер-министрдин м.а. Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: