Menu

Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев бир күндүк жумуш сапары менен Нарын облусуна барды

Бөлүшүү:

Мектепке чейинки тарбияга колдоо көрсөтүү – Өкмөттүн ишинде приоритеттүү багыттарды бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев 5-ноябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында  Ак-Талаа районунун Терек айылындагы жаңы курулган бала бакчанын ачылыш аземинде билдирди.

«Ар бир курулган бала бакча, биздин өлкөнү 100%  бала бакча менен камсыздоого карата этабы менен жакындап жатканыбыздын белгиси», – деди Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал акыркы 5 жылда билим берүү тармагын каржылоо 3,5 эсеге өскөнүн, 2017-жылы бюджеттин 24% билим берүүгө жумшалаарын кошумчалады.

Өкмөт мыйзам чегинде бала бакчаларды мамлекеттик менчикке өткөрүү боюнча иш алып барууда. Бүгүнкү күндө 198 бала бакчаны кайтарып максаттуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Андан ары Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу жумуш сапарынын жүрүшүндө Ак-Талаа районунун Ак-Сай айылындагы башкы суу тосмо курулмасынын ачылышына катышты.

Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу канал 600 га айдоо аянтын суу менен камсыз кылып, келечекте этабы менен бул аянтты кеңейтүү каралып жатканын белгиледи.

«Башкы суу тосмо курулмасын ишке киргизүү менен, айдоо жерлерин суу менен камсыздоо бир топ жакшырат. Айыл чарба тармагында жер суугарууга багытталган ашыкча чыгымдар кыскарат. Жаңы канал суу менен гана камсыздабастан, Нарын облусунда суу камсыздоо тармагын өнүктүрүүгө салым кошот», – деп жыйынтыктады Мухамметкалый Абулгазиев.

Белгилей кетсек, аталган объект 2013-2017-жылдарга Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясына кирген, анын жалпы сметалык наркы 112 млн. сомду түзөт.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: