Menu

№4 төрөтканадагы окуяны министр өз көзөмөлүнө алды

Бөлүшүү:

№4 төрөтканадагы баласынан жана жатынынан айрылган 26 жаштагы келиндин ишин саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өзү көзөмөлгө алып, ага себепкер болгон дарыгерлердин ишин карап чыгат. Бул тууралуу Батыралиев билдирди:

– Жабырлануучуларга менин телефон номумурумду берип коюңуздар. Мен кайсы учурда чалса же келсе кабыл алам. Бул ишти дарыгерлер мыйзамсыз жол менен жаап койо электе чара көрүш керек. Эч бир окуя көңүл жаздымда калбайт. Баарына жооп берүүгө даярмын, – деди министр.

Бишкек шаарынын тургуну баласы чарчап калганы аз келгенсип, жубайынын жатынын жашыруун алып салган деп Бишкектеги № 4 төрөткананын дарыгерлерин айыптоодо. Маалыматка караганда, 26 жаштагы келиндин баласы чарчап калган. Андан кийин дарыгерлер келиндин жатынын айтпастан алып салышканы бир нече убакыттан кийин билинген. Өз атын айтпоону өтүнгөн Бишкек шаарынын тургуну аялынын жатынын алып салган үчүн чуу чыгарбоону суранып дарыгерлер ага 100 миң сом акча бергенин билдирген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: