Menu

Аида Салянова: “Президент менен жолугушуу издеген адамдардын тизмесине кирбейм”

Бөлүшүү:

Аида Жеңишбековна, партиялашыңыз Алмамбет Шыкмаматов  эми оппозициялык блог  түзөбүз, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деди эле. Бул боюнча эмне айта аласыз?

Оппозициялык блог түзсөк, жакшы эле болот. Бирок кеп анын атында эмес, затында. Эгерде биригүү жеке кызыкчылыктардан жогору болуп, алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн блогго кире турган фракциялардын карманган позициясы бекем болсо, бириксе болот.

Сиздердин партияга катуу чабуул башталгандай. Мурдараак лидериңер Өмүрбек Текебаев экөөңөргө “Мегакомду” жабыштыра башташты эле, эми Каныбек Иманалиевди дагы суракка чакырып башташты?

Биринчиден, мындайды жогорку саясий мародерлук деп коет. Бул адамдын эмгегин уурдаганга барабар. 51 пайызды мамлекетке кайра алып келүүдө мен жетектеген прокуратуранын, анын ичинде жеке менин салымым бар экени талашсыз. Ага толгон-токой процессуалдык жана соттук чечимдер күбө. Экинчиден, ошол маалыматты чыгаргандар аны тастыктап бериши керек. “Булар өзүлөрү каалагандай актана берсин” дегени уятсыздыктын туу чокусу. Биз алардын деңгээлине түшпөйбүз. Болбосо азыр интернет аркылуу андай ушактарды каалагандай таркатса болот. Колдорунда бир да далили жок туруп, мамлекеттин негизги каналы аркылуу жалаң ушак менен иши жүрүп калган бийликке эмне дейбиз?

Бийлик коалицияны, өкмөттү куроо менен саясий оюндарды жүргүзүп, өз таасирин күчөтүүгө аракет кылып атканы белгилүү. Бирок ушул орун алмашуулар, жаңы жүздөр азыркы бийлик ээлерине 2017-жылкы шайлоодон кийин да өз ордун сактап калууга чоң жардам берет деп ойлойсузбу?

Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесинен баштап, башка жүрүп жаткан саясий оюндар дагы бүгүнкү бийликти күчөтүүгө багытталган. Аягында “ийлеп-ийлеп итке салды” болбосо эле болду. Эмки президент, кийинки премьерлер жалаң элдин кызыкчылыгын ойлогондордон болот деп ким кепилдик бере алат?

Президенттик шайлоого бир эле жыл калды. Бирок бийлик тараптан мураскери байкалбай турат. Сиздин оюңузча КСДП кимди президенттикке алып чыгышы мүмкүн? Негизи эле татыктуу адам көрө аласызбы алар тараптан?

Татыктуу адамдар сөзсүз болот. Бирок акыркы учурда алар өзүлөрүнүн репутациясын бир топ булгап алышты.

Эл арасында колдоочуларыңыз бар экени талашсыз. Президенттик шайлоодо талапкерлигиңизди коесузбу?

Талапкерлигимди коер-койбосумду өзүнүн убакты-сааты чыкканда айтам.

Конституциянын түпнускасы табылбай жатат. Ал табылбаган күндө дагы өзгөртүү киргизип салууга болобу?

Башмыйзамдын түпнускасы президенттин аппаратында сакталышы керек. Демек алар жооптуу. Өзгөрткөнгө болбойт деп мен буга чейин деле көптөгөн укуктук негиздерди келтирдим.

Башкы прокурорлук кызматыңызды тапшыргандан кийин президент менен көзмө-көз кезигип, сүйлөшкөн учурлар болдубу?

Жок. Президент менен жолугушуу издеген адамдардын тизмесине мен кирбейм.

Башкы прокурор кезиңизде кылмыш ишин козгогон айрым адамдар менен азыр кесиптеш болуп отурасыздар? Азыр алардын сизге мамилеси кандай?

Ошол адамдардын өздөрүнөн сурап көрүшүңөр керек.

Өткөндө Фейсбуктагы баракчаңызга калптын биздин жашообузда көнүмүш болуп калганын айтып кейиптирсиз?

Бүткүл Кыргызстан көргөн өлкөнүн негизги каналы КТРК калп айтып жатса, чындыкты гана сүйлөй турган юстиция министри, Жогорку Кеңештин эң улуу депутаты чындыкты айтууга кудурети жетпей жатса, элге кайрылууга туура келет экен да. Келгиле, бийликтегилердин калпын ачыктайбыз деп чындыктан коркпогон адам гана айта алат.

Бегимай БАКАШЕВА

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: