Menu

Тата Улан, ырчы: “Масканы чечем деп кийген эмесмин”

Бөлүшүү:

Тата Улан өзүнүн өзгөчөлүгү менен эл оозуна алынган шоу-бизнес өкүлү. Акыркы учурда заманга бапташкан насаат ырлары негедир радиолордон, теле аркылуу дагы кетпей калганы өкүндүрөт. Акыры өзү дагы чыгармачылык дүйнөдөн четтегендей. Улан мырзаны сөзгө тартып жаңылыктарын сурадым.

– Көптөн бери көрүнбөй калдыңыз? Кайда жүрдүңүз?

– Көпкө көрүнбөй калганымдын себеби, чыгармачылыктан аз-маз тыныгуу жасадым. Экинчи маселе бул менин ырларымдын радио, теленин форматына туура келбей калгандыгы. Мындайча айтканда ырларым куугунтукта жүргөндөй.  Иши кылып азыркы заманда чындык айтсаң форматка туура келбей калганы айланганын болуп турган эле иш. Бул көрүнүш бардык тармакты ээлеген. Ал айтпаса да белгилүү. Ал эме журналисттерде болуп жатпайбы…

– Бүгүнкү күндө дин маселеси дагы куугунтукта болгондой. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Динди каралоо же болбосо куугунтуктоо аракети дагы ошол эле маселе форматка туура келбейт. Себеби дин чындыкка чакырат. Ал эми чыркыраган чындык эч кимге жакпайт.

– Кыргызстандын жараны катары азыркы мамлекетте болуп жаткан саясий кырдаалдарга кандай карайсыз?

–  25 жылдан бери эч нерсе өзгөрүлгөн жок! Ошо эч нерсе өзгөрүлгөн жок деген, чындык айтпасын жана чындык укпасын деген саясат жүрүп келе жатат! Саясий кырдаал деген өтө олутту айтылышы мүмкүн, себеби бизде кудайга шүгүр согуш жок. Бирок бийликтегилер арасындагы ич ара саясий согуш болуп жатканы мамлекетти өнүгүүгө алып келбейт. Ортодо курмандыкка эл чабылып жатканы өкүнүчтүү.

– Кыргыз шоу-бизнесинин артыкчылыгы жана кемчилиги эмнеде?

– Бизде шоу-бизнес жок,  бизде той бизнес бар. Ал деле жаман эмес. Бирок, чыныгы чыгармачылык инсандардын деңгээли бир рамкадан чыкпай, изденүү болбой калат. Көрүп, угуп жүрөсүздөр тойлордо бир ырды он киши ырдайт. Жада калса аранжировкасы окшош. Бир чети жакшы, каражат таап үй-бүлөнү багып дегендей. Мисалы, менин ырларым радиолордон чыкпай калганына байланыштуу тойго да чакырбай калышты.

– Масканы качан чечесиз?

– Негизи масканы чечем деп кийген эмесмин. Анан масканы чечсем катардагы ырчы болуп менде индивидуалдуулук жоголот.

Назира-Бегим

Булак: Асман плюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: