Menu

Кенже Дүйшеева, ырчы: “Журналисттерге мен ыраазымын”

Бөлүшүү:

Диктофон, ноутбук, фотоаппарат, тынымсыз ары-бери чуркоо менен тыным алганды билбеген бул басма сөздө иштеген адамдардын күнүмдүк иши. Дене табың 40 градуска чыгып жатса, алар термометрди эмес, алгач калемди кармайт. Маалымат деген алдына тосмо коюп токтотуп турчу нерсе эмес да. Өз маалында берип калбасаң, эртең жарабай калышы мүмкүн. Түйшүгү түмөн, жоопкерчилиги жогору болгон кесипте калемдин арасында жашап, өз ишинин чыныгы фанаттары гана чыдабаса, баардык адам чыдай бербейт. Чыдамкайлыгы менен көп түйшүктү көтөрүп келе жаткан “басмачылар” 7-ноябрь күнү кесиптик майрамын тосушат. Урматтуу кесиптештер, ар бир башталган күнүңөр ийгиликтерге жетелеп, ден-соолукта болгула.

— Кенже эже, журналисттердин кандай суроолоруна жооп бербейсиз?

— Ырчы деп сыйлап суроо узатып, убакытын бөлүп издеп келип жаткан журналисттин суроолоруна “жок мунусун алып койчу”- деп жооп бербей койгон күндөрүм болгон эмес. Мындан кийин дагы болбойт деп ойлойм. Балким жаш кезимден бери журналисттерге интервью берип көнүп калгандыктан мындай абалга туш болбогондурмун. Мен көп журналисттерге маек бердим. Бирөө дагы мага орунсуз суроо берип, ыңгайсыз абалга калтырган эмес. Деги эле журналисттерге мен ыраазымын. Себеби алар бизди коомчулукка таанытып, тааныштырып, баарын ирээтке салып келе жатышат.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: