Бириккен Улуттар Уюму Ооганстандын түндүгүндөгү америкалык авиасоккулардан ондогон жай тургундун каза болушу иликтенип жатканын билдирди. БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын маалыматы боюнча Кундуздун Буз-е-Кандахари районундагы соккулардан 32 жай тургун каза болуп, 19у жаракат алган. Алардын көбү аялдар менен балдар.
Уюмдун маалыматы боюнча өткөн аптада 95 жай тургун өлүп, 111 адам жаракат алган. БУУ баш катчысынын Ооганстандагы атайын өкүлүТадамити Ямомотонун жекшембидеги билдирүүсүндө жай тургундардын арасында жоготуулардын болушу сынга алынган. Мындай көрүнүш Ооганстанда тынчтык менен туруктуулукту орнотуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерди жок кылып жатканы белгиленген.
5-ноябрда америкалык аскерлер авиасоккулардан жай тургундар жабыркаган болушу мүмкүндүгүн айтышып, иликтөө жүргүзүүнү убадалашкан. АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн командири, генерал Жон Николсон жөнөкөй адамдардын өлүмүнө өкүнгөнүн билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ