Menu

Алмаз Атамбаевдин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу

Бөлүшүү:

«Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери! Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Азыр адамдын, коомдун жана мамлекеттин жашоосун маалымат каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Күнүмдүк турмушубуз маалымат менен башталып, маалымат менен аяктайт. Кыскасы, бүт дүйнөнү кыймылдатып жаткан – бул маалымат.

Мына ушундай шартта журналисттердин кадыры болуп көрбөгөндөй өсүп жатат. Анткени журналисттер күн сайын ар бир адамдын маанайына таасир этип, коомдук пикирди чагылдырып да, жаратып да турушат. Ушул улуу милдетине жараша журналисттерге чоң жоопкердик да тагылган.

Биздин региондо Кыргызстан сөз жана басма сөз эркиндиги жагынан сап башында келатканы азыр жаңылык болбой калды. Өлкөбүздүн эркин, демократиялуу жана ачык болуп, күчтүү жарандык коомдун калыптанышында журналисттердин ролу зор.

Сөз өзгөчө кудурет-күчкө – жаратуучу да, кыйратуучу да касиетке ээ. Ошондуктан, кыргыз эли абалтан бери Сөзгө чоң маани берип келген. Буга бир катар лакап-макалдар далил: “Сөз баштаган эл баштайт”, “Сөз доодон да куткарат, жоодон да куткарат”, “Жакшы сөз жан эритет, жаман сөз жан кейитет” ж.б.

Омоктуу ою, уңгулуу сөзү менен коомунун алдыга өсүп-өнүгүшүнө жардамдаш болгон калемгерлер – Кыргызстандын нукура патриоттору, ар-намысы. Журналисттердин күчү менен коом жаман адаттардан арылып, тазаланып турат. Ошону менен катар Сөзгө кыянатчылык кылып, коомчулукту адаштырган, адамдарды негизсиз кемсинтип, айып таккандан алыс болууга чакыра кетем.

Дүйнө, регион олку-солкулукка батып турганда Кыргызстанда тынчтыктын, элдин ынтымагынын баасы ченемсиз өстү. Ошондуктан, журналисттер дайыма чындыктан, калыстыктан тайыбашы керек жана өз Мекенинин келечеги үчүн жоопкер экенин да эстен чыгарбоого тийиш. Анткени, бул баарыбыздын Мекенибиз.

Урматтуу журналисттер, майрамыңыздар кут болсун!

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубаттык, чыгармачылык жаңы ийгиликтерди каалайм!

Алмаз Атамбаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: