Тохтар Тулешов менен кошо айыпталган баш прокурордун мурунку орун басары Ильяс Бахтыбаев жети жылга, ички иштер министрлигинин Түштүк-Казакстан облустук башкармалыгынын мурунку башчысы Хибратулла Доскалиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга, анын мурунку орун басары Сакен Айтбаев беш жылга эркинен ажыратылды.
Соттун сайтына жарыяланган соттолгондордун тизмесинде Төлөгөн Тулешов деген да ысым жүрөт. Болжолдуу түрдө ал Тохтар Тулешовдун уулу.
Бул иш боюнча башкы соттук териштирүүлөр Астанада 14-сентябрда башталган. Жараян кылмыш иштери боюнча райондор аралык адистештирилген аскерий соту тарабынан жабык режимде каралган. Тулешовго карата 16-берене боюнча айып тагылган, анын ичинде «Бийликти басып алуу» беренеси да бар.
Булак: “Борбор Азия жаылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ