Menu

Өзбекстан менен Түркмөнстан негизги багыттар боюнча кызматташтыкты күчөтүү ниетинде

Бөлүшүү:

Өзбекстан премьер-министринин орун басары Улугбек Розукулов Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал Түркмөнстанга Өзбекстандын өкмөттүк делегациясын жетектеп барган. Бул тууралу ММКлар жазышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын Түркмөнстан менен толук масштабдуу диалогду өнүктүрүүгө чоң маани берери белгиленди. Өз кезегинде Гурбангулы Бердымухамедов жакын коңшулаш мамлекеттер менен, анын ичинде Өзбекстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө өлкөнүн тышкы саясий багытынын башкы стратегиясы экенин билдирди.

Тараптар түркмөн-өзбек кызматташтыгынын негизги багыттарынын абалын жана келечегин талкуулашты. Алар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, агроөнөр жай жана башка тармактар боюнча жемиштүү байланыштарды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн бар экенин белгилешти. Өз ара кызматташтыктын актуалдуу вектору катары транспорттук-коммуникациялык тармак да аталды.

Түркмөнстан президенти Өзбекстандын өкүлдөрүн 26-27-ноябрь күндөрү БУУнун камкордугу алдында Ашхабадда өтө турган алгачкы Туруктуу транспорттук система боюнча глобалдык конференцияга катышууга чакырды.

Жолугушунун соңунда тараптар ынак коңшулук мамилелердин бекемдигине жана эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген конструктивдүү кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүүсүнө ишене тургандыктарын белгилешти.

Булак: “Борбор Азия жаылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: