Menu

Жаманкул Галдыбаев: Бизнес чөйрөдө жаштардын жаңы мууну өсүп келатат

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылды президент Алмазбек Атамбаев «Тарых жана маданият жылы» деп жарыялагандан бери жыл бою өлкөбүздө кыргыз тарыхын жана маданиятын даңазалаган бир топ иш-чаралар болуп өттү. Бул салтанаттардын жогорку деңгээлде өтүүсүнө «Тарых жана маданият жылын» өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ролу чоң.  Дирекция башчысынын орун басары Жаманкул Галдыбаев менен жыл бою өткөрүлгөн иш-чаралар, кайрымдуулук жана бизнес тууралуу маектештик.

Быйыл «Тарых жана маданият жылы» болуп жарыяланган. Сиз ушул боюнча Мамлекеттик дирекциянын башчысынын орун басары катары айта кетсеңиз, бул жылдын алкагында кандай иш-чаралар өткөрүлдү?

Негизинен «Тарых жана маданият жылын» өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция Кыргыз өкмөтү тарабынан бекитилген 84 иш-чара өткөрдү. Булардын  арасынан эл аралык деңгээлде өткөн эң негизги салтанаттар тууралуу азыноолак айта кетейин. Тайлак баатырдын 220 жылдыгы Соң-Көл жайлоосунда өттү. Тайлак баатыр кыргыз тарыхында орду чоң инсан болгондугу белгилүү. Мааракеде 80ге жакын боз үй тигилип, анын баатырдыгын даңазалаган театрлаштырылган көрсөтүүлөр өткөрүлүп, президенттик фонддон байге коюлуп, улуттук ат оюндары ойнотулду. Эгемендүүлүгүбүздүн 25 жылдыгы да жогорку деңгээлде өзгөчө салтанат менен өткөрүлдү. 2016-жыл — ТYРКСОЙ уюмуна мүчѳ мамлекеттердин маданият министрлеринин Туруктуу Кенешинин чечими менен Жусуп Баласагын жылы болуп жарыяланды. Ушул жылдан 19-февралында Стамбул шаарында Баласагын бабабыздын мааракесине байланыштуу чон салтанат болуп ѳттү. Ɵзүбүздѳ болсо Жусуп Баласагындын 1000 жылдык маарекеси октябрь айында Токмоктогу Бурана археологиялык комплексинде салтанаттуу белгиленди. Ал жерде даанышмандын бизге жеткен «Куттуу билим» эмгегинин негизинде элибизге, айрыкча жаштарга багытталган таалим-тарбияны камтыган театралдык оюн тартууланды.

Үркүндүн 100 жылдыгына арналып Ата-Бейитте Улуттук мемориалдык комплекс курулуп, колодон эстелик орнотулду. Ал жер зыярат кыла тургандарга да жакшы таасир бере турган эмгек болду.

Ош шаарында биринчи жолу эл аралык деңгээлде этно-музыкалык маданий фестиваль өткөрдүк. Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандан этно-музыка сүйүүчүлөрү келип катышты. Беш аянтта кыргыздын каада-салты, улуттук кийимдери, фольклордук чыгармалары көрсөтүлдү.

Булар иш-чаралардын негизгилери гана. Андан сырткары, белгилүү тарыхчылар менен бирге илимий-практикалык иш-чаралар, талкуулар орун алды. Жети облусубузда тең тарых жана маданият жылынын алкагында  кароо-сынактар жүрүп жатты. Мисалы, Ошто жети аймактын катышуусу менен «Улуу мурас» деп аталган сынак жогорку деңгээлде өттү. Жыйынтыктап айта кетсек, президентибиздин бул жылды «Тарых жана маданият жылы» деп атоосу абдан туура болду. Кылым карыткан элибиздин бай мурасын, көөнөргүс каада-салттарыбызды, маданиятыбызды, улуттук кийим-кечебизди кайрадан азыркы жаштарга жайылтууга чоң таасир берди.

Жыл аягына чейин  дагы бир аз убакыт бар. 

Менимче, иш-чаралардын баарын эле өткөрө алдык. Бул жылдын жыйынтыгы тууралуу калкыбызга жакында баяндама жасайбыз. Пландан сырткары иш-чаралар да өтүүдө. Жер-жерлерде, мекеме-ишканаларда болуп жаткан ар кандай тарыхый жана маданий салтанаттарды уюштуруу иштерине колдон келишинче көмөк берүүдөбүз.

Жалпысынан алып караганда, «Тарых жана маданият» жылы жогорку деңгээлде, пайдалуу иш-чаралар менен өттү десек болот экен да?

«Тарых жана маданият» жылы жогорку деңгээлде өттү десек жаңылышпайбыз. Өлкөбүздүн маданият тармагына бир канча жылдар бою тийиштүү көңүл бурулбай келген болчу. Ушул себептен улам быйылкы иш-чаралар тарыхыбыз жана маданиятыбыздын кайра жанданып өнүгүүсүнө чоң салым кошту деп айтсак болот.

Өзүңүз коомдук-маданий иш-чараларга жакшы көңүл бурат экенсиз. Мунун себеби эмнеде?

Эми чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү башкача болот экен. Мен өзүм убагында мектепте музыкадан сабак берчүмүн. Чыгармачыл адамдар менен иш алып баруу мен үчүн чоң сыймык. Себеби алардын ички дүйнөсү, жашоого болгон көз карашы башкача, таза адамдар да. Биздин үй-бүлө да маданиятка жакын болуп, атам жамакчы, комузчу, бир туугандарым да музыкага шыктуу, бир сѳз менен айтканда, биздин үй-бүлѳ — рухий маданияттын кишилери.

Анда сиз эмне себептен ишкердик менен алектенип кеттиңиз? «Тарых жана маданият жылы» кылым карыткан элибиздин бай мурасын, көөнөргүс каада-салттарыбызды, маданиятыбызды, улуттук кийим-кечебизди кайрадан азыркы жаштарга жайылтууга чоң таасир берди.

Жогорку окуу жайды 1994-жылы бүткөндөн кийин айылда иштеп калдым. Келинчегим экөөбүз тең мугалим болгондуктан маянабыз аз болчу. Башкалар сыяктуу мени да ата-энеме кандай жардам берем, балдарыма кандай татыктуу тарбия берем деген санаа дайыма ойлонтчу. Ɵзүбүз да 11 бир тууганбыз. Ошондуктан менден кийинкилер жакшы билим алсын деген ой менен бизнеске аралаштым. Ийгилик эч качан оңой менен келбейт экен. Алгач Орусияга сапар алып жашоонун ысык-суугун башыбыздан өткөрдүк. Жакшы ниет коюп ак эмгегиң менен иштесең, Кудай мээнетиңдин жемишин берет экен. Мен балдарыма көп айтам, жакшы окугула, татыктуу билим алгыла деп. Өзүбүз да бул нерседен эч нерсебизди аябашыбыз керек. Тапканынды балаңдын билимине жумшасаң — адашпайсың.

Эл арасында 2011-жылы эгемендүүлүгүбүздүн 20 жылдыгына карата борбордук аянтка Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотууда салымыңыз чоң деп айтылып жүрөт?

Чыңгыз Айтматовдун, Айкөл Манастын, Москвадагы Манастын эстелигинин орнотууда Курманжан датканын 200 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын жетекчилеринин бири катары катышып калгандыгыма ыраазымын. Ушундай тарыхый окуяга салым кошкондугу үчүн жалпы эле дирекция жамааты кубанса керек деп ойлойм. Себеби ал иштерди уюштуруу да оңой болгон эмес.

Кайрымдуулук иштерин да көп өткөрөсүз. Буга эмне түрткү болду?

Ишкерликте аздыр-көптүр ийгиликке жетиштим. Аны менен гана тим болбой, кайрымдуулук ишин да чогуу ала жүрдүм. Бул боюнча жердештерим менин сөзүмдү төгүнгө чыгарбас. Менде эч качан байлыктын артынан сая түшүп, баарын балдарыма калтырайын деген ой болгон эмес. Тапкан акчаңды адал ишке сарптасаң, Кудай да ошончолук бере берет. Өзүм да негизи эле кыйналган бирөөлөрдү көрсөм, кайдыгер карай албай колумдан келген жардамымды аябайм. Чоң-Алай районундагы көптөгөн бала бакчалардын материалдык-техникалык базасынын начар экендигин көрүп зээним кейип, ал жерлерге жардам бердим. Райондогу 17 айыл арасынан бир гана Кызыл-Эшме айылында бир да мобилдик оператордун уюлдук станциясы курулбагандыктан байланыш жок экен. Ал айылга элдин суроосу боюнча «Мегаком» компаниясынын станциясын куруп бердик. Айыл эли азыркыга чейин ыраазы болуп, алкышын айтып жүрүшѳт. Өзүмдүн да эл алдында жүзүм жарык. Ошондой эле айылдарда чоң көйгөй болгон таза суу маселесин да чечүүгө салымыбызды кошуп келүүдѳбүз. Жашоодо кыйналган адамдарды жөн гана карап турууга эч кандай моралдык укугубуз жок деп түшүнѳм. Ошондуктан колунда жокторго, оорукчандарга колдон келген жардамымды аябайм. Негизи эле ар бир аймактын тың чыкма азаматтары өз жерлерине жардамын аябаса, элет жеринин, ошондой эле өлкөбүздүн өнүгүүсүнө эч нерсе тоскоол боло албайт. Элибиз «оң колуң  бергенди, сол колуң көрбөсүн» деп коёт эмеспи. Ошондуктан бергенимди эч качан милдет кылбайм.

Өлкөбүздө жаңыдан бизнес баштайын деген жаштарга кандай кеңешиңизди берет элеңиз?

Эң сүйүнгөнүм: азыркы бизнес чөйрөсүндө жаныча иштеген жаштардын жаны мууну ѳсүп чыкты. Алар бир нече тилде сүйлѳшѳт, компьютерди, маалымат технологияларын жакшы билишет. Ошондуктан кеңири алкакта ишкерлик кылып, ал турсун эл аралык денгээлге чыгууга да мүмкүнчүлүктѳрү бар. Эң башкысы, ишкерлер ыймандуу болушу шарт. Адал менен арамды ажырата билүү зарыл. Ошондо гана эч качан туура эмес кадамга барбайт. Мамлекет алдында, коом алдында социалдык жоопкерчилигин сезет. Ар дайым аракет кылып, бешене тери менен иштесе ийгилик сөзсүз келет.

Сиздин каалоо-тилегиңиз?

Маданият жылында башталган жакшы саамалыктардын мындан ары да ийгиликтүү уланышын каалайм. Ɵлкѳбүздѳ тынчтык, элибизде бакубатчылык болсун.

Азат Бектурганов

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: