Menu

Азиз Мурадиллаев Чокморовдун досунун ролун жаратат

Бөлүшүү:

Биринчи операциясынан кийин актер Азиз Мурадиллаев “Акыркы чакырык” спектаклинде башкы ролдордун бирин ойноону чечти. Бул чыгармачыл инсанга дем-күч берип, айыгууга чоң стимул болушу күтүлүүдө.

Спектакль кыргыз киносунун легендасы Сүймөнкүл Чокморовдун элесине арналган жумалыктын алкагында 21-28-ноябрга чейин коюлат. «Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган спектакль даярдалып жатат. Анда мен Чокморовдун досунун ролун жаратам. Спектаклди көргөндөр мени терс каарман катары кабылдашы мүмкүн. Спектакль 24-ноябрда «Фрунзе» ресторанында коюлат», — деди Мурадиллаев.

Жакында эле Москвадагы клиникалардын биринде актер Азиз Мурадиллаевге биринчи операция жасалып, ал ийгиликтүү өткөн. Келинчеги Элвира Жумалиеванын айтымында, дарыгерлер жарылган кан тамырларды бири-бирине туташтырышкан. Учурда Мурадиллаев Бишкекте, канды вирустардан тазалоо үчүн актер эки ай дарыланат. Андан кийин боорду алмаштыруу үчүн Индияга кетмекчи. Бирок азырынча трансплантация үчүн акча каражаты толугу менен чогулуп бүтө элек. Учурда 4000 доллар жетпей жатканын теле алып баруучу Ассоль Молдокматова социалдык тармактардын бирине жазып чыкты. Эске салсак, актер 30-сентябрда ооруканага түшүп, ага 4-даражадагы боордун циррозу деген диагноз коюлган. Актер жугуштуу гепатит С менен 2009-жылдан бери алышып келет. Бул дартты гастролдордун биринде жуктуруп алган. Мурадиллаев дарыгердин көзөмөлүнө болуп, жыл сайын дарыланып турган. Адистердин айтымында, гепатит С менен жабыркагандар боордун циррозуна сөзсүз чалдыгат. Бул учурда боорду алмаштырууга туура келет. Боорду алмаштыруу үчүн 3 негизги этапты басып өтүү керек. Биринчи операция жасалып, жарылган кан тамырларды бири-бирине туташтырышат. Андан соң канды вирустардан тазалоо үчүн дары-дармектер берилет, акырында боорду алмаштырат.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: