Menu

Жылдыз Жолдошева, экс-депутат: “Азимбек Бекназаровдун тарыхта орду бар, күчтүү саясатчы жана юрист экенин эч ким тана албайт”

Бөлүшүү:

Көрүнүктүү саясатчы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров 60 жашка толду. Бул инсандын коомдогу ордун кандай баалайсыз?

– Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасында, коомчулугунда күчтүү саясатчы катары коомчулукта өз орду бар. Ошону менен бирге эки төңкөрүшкө тең активдүү катышкандардын бири. Эки төңкөрүшкө активдүү катышып ой максаттарына жеттиби, жетпедиби өзү айтаар. Тилекке каршы өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү, эл ойлогондой болбогону… Мына ушул жерде өзүнүн ирээнжип жүргөнүн Азимбек Анаркуловичтин берген интервьюларынан байкап калабыз. Ким кандай гана баа бербесин анын тарыхта орду бар, күчтүү саясатчы жана юрист экенин эч ким тана албайт. Бекназаров боюнча кандай гана ойлор айтылбасын мен Азимбек Анаркуловичтин 60 жылдык торколуу мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Айрыкча үй-бүлөсүндө бакубатчылык болсо экен дейм. Бекназаровдун саясатта активдүү жүргөнүнө байланыштуу үй-бүлө мүчөлөрү запкы жегенин билем. Бала-чакасынын, неберелеринин жакшы күндөрүнө ортоктош болуп жүрүшүнө тилектешмин.

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: