Menu

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Баланы кичинесинен эмгек кылууга тарбиялоо керек”

Бөлүшүү:

Намыска бек кыргыз жигиттеринин айрымдары азыркы жашоонун шарына туруштук бере албай аялдардын артынан жан бакканга өтүп жатышы көйгөй эмей эмне. Өзгөчө башка өлкөгө иш издеп кеткен киши болуп үй-бүлөсүн оңой эле таштап, ал жактан чала тааныш бирөөнү алып же үстүнө кирип алуу,  кыргыз мырзаларына таандык көрүнүш болбошу керек го. Бирок тилекке каршы бул болуп жаткан көрүнүш. Мунун кесепети көп кайгылуу окуяларга алып келип жатат. Кыргыз жигиттеринин майдаланып аял мүнөз болуп, жалкоолукка алдырып баратышы бул – олуттуу көйгөй.

Аялдын этегин кармап күн көргөн эркек,  эркекпи?

 

  • Кай бир эркектер ошондой болуп аялынын этегин кармап жанын багып калды десе чындыкка жакын деп ойлойм. Эркектердин үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду учкай кеп кылчу көйгөй эмес, маселенин тамыры терең, эки ооз сөз менен чечмелеп чыгуу мүмкүн эмес. Ал эми жеңилдетип айтсак баары тарбиядан. Баланы кичинесинен эмгек кылууга тарбиялоо керек, үйдө өзүнчө милдет тагуу керек, чоңдор кандай иш кылса ошондой эле иштегенге үйрөтүү керек. Эң эле оор иши “мусор” чыгарган же дүкөндөн барып нан алып келген баладан эмне күтүүгө болот, аны да өзү аткарбай кайра-кайра айттырып жатып жасаса. “Отузга чыкканча орок орбогон кыркка чыкканда кылыч чапмак беле” дейт кыргызда. Үйдөгү тарбиянын өзөгү адептүүлүк, мээнеткечтик анан сарамжалдуулук болсо бала жаман болбойт.
  • Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: