Түркия менен Кыргызстандын мамилеси начарлаганы үчүн Бишкекте өтүүчү түрк тилдүү элдердин саммити белгисиз мөөнөткө жылдырылдыбы?
– Чынында эле түрктөр менен биздин мамилебиз кыйшаңдай түшкөнсүйт. Менимче, анын себептеринин бири – биздин мамлекет башчыбыздын 18-сентябрда Стамбулга учуп, андан нары Эрдаган менен бирге Америкага учам деген аракеттери болушу мүмкүн. Кыргызстанда Себаттын чексиз шарт менен иштеши дагы Эрдагандын жинин келтирбей койбойт. Башкалар да бар. Ошолордун баары түрк саммитине тоскоолдук кылышы мүмкүн.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ