Menu

Айнура Арзыматова: “Ата Мекен” саясий капиталын жок кылып койгондуктан өз

Бөлүшүү:

11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештин депуттарын шайлоо өнөктүгүнө “Бир бол”, “Замандаш” жана “Ата мекен” партиялары ат салышуудан баш тартышты. Мындай кадамын алар өлкөдө шайлоолор таза өтөөрүнө күмөн санап жаткандары менен түшүндүрүштү. Бирок айрым эксперттердин пикиринде, аталган партиялар утулуп калуу коркунучунан улам шайлоого баруудан баш тартышкан. ““Бир бол” партиясы былтыркы парламенттик шайлоонун алдында тез арада түзүлө калган эле партия. Ал эми “Ата Мекендин” 20 жылдан ашык тарыхы бар. Бирок, эски партия болгондуктан, бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн саясий капиталын көп чайкап жок кылып койгондуктан, булар өзүнүн күчүнө ишенбей жатат, — дейт саясат талдоочу Айнура Арзыматова.

– Менимче, аталган партиялар өздөрүнүн күчтөрүнө ишенбей, жеңишке жетпей тургандыктарына көздөрү жетип турат. Алар жөн эле кооз шылтоолорду айтып, шайлоого катышпайбыз деп жатышат. Тилекке каршы, Кыргызстанда өзүнүн маанисине жооп берген, бир идеяга бириккен саясий партиялар жокко эсе деп айтсак болот. Булар теорияда болгон партияларга окшошпой эле, олигархтык бирикме, же ассоциация болуп, кимдин акчасы көп болсо ошол партияга киришүүдө. Мындан улам саясий партиялардын өз ичинде көп ажырымдар пайда болуп атат. Эгер ошол үч партия деле саясий партиянын талаптарына жооп берип, күчтүү болсо, албетте, шайлоого катышып, жеңмек. Бизде парламенттик система болгон үчүн шайлоодо партиялык принцип болуп атат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо партиялар үчүн маанилүү. Себеби көп нерсени жергиликтүү бийлик чечип жатат. Мисалы, Өкмөттүн саясатын, жасап жаткан ишинин барын ошолор аткарып жатат. Андыктан, жергиликтүү бийликтин мааниси чоң. Кыргызстанда чындыгында, саясий партиялар өтө көп. Биздин өлкө үчүн 4-5 эле күчтүү партия жетиштүү болмок. Азыр акчалуу 5-6 киши бириге калып эле партия түзүп, бийликке келип ал акчасын кайтарып алууну көздөшөт. Мындан улам, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы каралбай калып атат. Ошондуктан, биздеги парламентаризм «кыргызчылык» парламентаризмге айланып калды.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: