Menu

Алмаз Атамбаев илим жана техника жагында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев бүгүн, 8- ноябрда, Илим күнүнүн алдында илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлактарын тапшырды.

Бир нече күн мурда кол коюлган Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, илим жана техника жагында жетишкендиктери үчүн, ошондой эле илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин чечими көңүлгө алынып, “Жергиликтүү штаммдардан жасалган малдардын жугуштуу ылаңдарын диагностикалоо каражаттарынын биотехнологиясы”  жана “Аялдардын сут эмизүү учурундагы өтүшүп кеткен ириңдүү маститин дарылоонун жаңы жабык ыкмасы” эмгектери үчүн илимпоздордун эки тобуна Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылып, “Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты” деген наам берилген.

Өз сөзүндө Алмаз Атамбаев өлкө үчүн абдан керек жана эл аралык аренада суроо талапты туудурган бул илимий эмгектер бардык кыйынчылыктарга карабастан кыргыз илими жанданып бара жатаканын жана анын мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин далилдеп турганын баса белгиледи. «Бул баарыбызды шыктандырат. Мен сиздерге мамлекеттик сыйлыкты тапшырып жатканыма сыймыктанам», – деди Алмаз Атамбаев.

Мамлекет башчысы кыргыз окумуштууларынын азык-түлүк жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылууга арналган илимий эмгеги чет элдик изилдөөчүлөрдүн, тагыраак айтканда, немец окумуштууларынын жогорку баасына татыктуу болгонун канааттануу менен белгиледи.

Алмаз Атамбаевдин айтымында, маммология жагындагы илимий эмгек да өлкөбүз үчүн өтө олуттуу жана керек экенин, бул ыкманын жардамы менен 600дөн ашуун аялдар дартынан арылышкан.

Сөзүнүн аягында Атамбаев окумуштууларды дагы бир жолу куттуктап, аларга бекем ден соолук жана илимий жетишкендиктерди каалады.

Жарлыкка ылайык, илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик сыйлыктар жана “Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты”  деген наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:

1) “Жергиликтүү штаммдардан жасалган малдардын жугуштуу ылаңдарын диагностикалоо каражаттарынын биотехнологиясы” эмгеги үчүн:

Нургазиев Рысбек Зарылдыковичке- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык академиясынын ректору, ветеринария илимдеринин доктору;

Джапаралиев Нурлан Тынчтыкбековичке – А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, биология илимдеринин доктору;

Акматова Эльмира Казакбаевнага – А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директорунун орун басарынын милдеттерин аткаруучу, биология илимдеринин доктору;

2) “Аялдардын сүт эмизүү учурундагы өтүшүп кеткен ириңдүү маститин дарылоонун жаңы жабык ыкмасы” эмгеги үчүн:

Абдылдаев Дамир Керимкуловичке – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун алдындагы Маммология борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;

Бебезов Бахадыр Хакимовичке – Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин госпиталдык  хирургия кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору;

Узакбаева Банур Макешовнага – – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун врач-радиологу, медицина илимдеринин кандидаты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: