Menu

«Актөбө» футбол клубунун директору камалды

Бөлүшүү:

«Актөбө» футбол клубунун башкы директору  Дмитрий Васильев бюджеттик каражаттарды уурдоого айыпталып кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик кызмат иштери жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги билдирүүдө.

Васильев сый акыларды мыйзамсыз жол менен таратуу менен 300 миллион теңгени кымырып алган деп шектелүүдө.

Антикоррупциялык кызматтын билдиришинче, футбол боюнча Казакстан чемпиондугунун биринчи этабында “Актөбө” күчтүү командалардын алтылыгына киргендиги үчүн машыктыруучуларга жана футболчуларга 69 миллион теңге сый акы берилген. Анын ичинен 15 миллион теңгесин жетекчи өзү алган.

Васильев Казакстанга Орусиядан келген. Ал буга чейин “Жетисуу” командасынын директору, Казакстан футбол федерациясында башкы менеджер болуп иштеген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: