Menu

Бүгүн Жогорку Кеӊеште өкмөттүн жаӊы түзүмү, курамы, иш программасы талкуланууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган ири долбоорлорду эске салуу менен, өзүнүн жаӊыртылган экономикалык программасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеш жыйынында Премьер-министр кызмат ордуна талапкер Сооронбай Жээнбеков жаӊыдан түзүлүп жаткан өкмөттүн түзүмү, курамы, иш программасы жөнүндө баяндамасында билдирди.  Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Премьер-министрликке талапкер өкмөт түзүмү менен курамы бекиген соӊ, улуттук экономиканы өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү пргрограммасын да иштеп чыгууга ниеттенип жатканын белгиледи. Азыр мамлекеттик органдар менен мекемелердин түзүмүн оптималдаштыруу чаралары көрүлүп жатканын кошумчалады. Мындай чаралар мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин чыгымдарын азайтууга, алардын ишин жандандырууга түрткү берет.

Маалыматка караганда, салыктык жеӊилдиктерден улам бюджеттен 20 млрд сом өлчөмүндөгү каражат түшүп калган. Ал өлкө экономикасынын ички дүӊ өнүмүнүн 5 пайызын түзөт. Мындай каржылык тартыштык бир катар иш-чаралардын өз маалында ишке ашырылышына жолтоо болду. Азыр анын ордун толтуруу аракеттери жүрүүдө. Ошону менен бирге, Өкмөт өлкөнүн каржы тутумун жаӊы Бюджет кодексинин талаптарына шайкеш келтирүү аракеттери жасап жатат.

Андан сырткары, стратегиялык объекттерге кирбеген жана чыгашалуу мамлекеттик ишканалар чечкиндүү жоюу чаралары көрүлө баштайт. Ал атаандаштыкка жол ачып, өлкө экономикасындагы мамлекеттин үлүштүн азайышына мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, парламенттин кароосуна сунушталган жаӊы өкмөттүн түзүмү мурдагы боюнча, ал эми анын курамында бир аз өзгөрүү боло турганы белгилүү болду.

Жогорку Кеӊеште өкмөттүн жаӊы түзүмү, курамы, иш программасы жөнүндө маалыматты талкуулоо жолжоболору улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: