Menu

Сооронбай Жээнбеков: Өкмөт Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн сунушталган долбоорун толук колдойт

Бөлүшүү:

«Өкмөт Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн сунушталган долбоорун толук колдойт жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча бардык керектүү чараларды көрөт», – деди бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу суроого жооп берип жаткан учурда.

«Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алдыдагы референдум Өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтөт, бирок ошол эле учурда жетишкен натыйжалары үчүн жоопкерчиликти моюнга алуу милдетин жогорулатат», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков сунушталып жаткан жаңыртылган Программа Коалициялык көпчүлүктүн макулдашуусуна ылайык келерин жана Өкмөт коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн бардыгын жасай турганын белгиледи.

«Өкмөт өз ишинде мамлекеттүүлүктү жана демократиялык институттарды мындан ары да бекемдөөгө, калктын биримдигин жана өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоого, экономиканы жана социалдык чөйрөнү, маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө бардык күч-аракеттерин жумшайт», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал Өкмөттүн Программасын ийгиликтүү ишке ашыруу аткаруу бийлигинин бардык органдарынан Жогорку Кеңеш менен тыгыз кызматташуунун негизинде ырааттуу иштөөнү талап кыларына көңүл бурду. Натыйжада, Өкмөттүн коалициялык көпчүлүк менен натыйжалуу иштеши түзүлүүчү Координациялык кеңешке көмөк берет.

«Өкмөт ачык, конкреттүү бир жыйынтык үчүн иштейт, так, таза чечимдерди кабыл алат жана коом алдында, жарандардын астында жоопкерчиликти алат», –  деп жыйынтыктады Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: