Menu

Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары А.Нурбаев Австриянын федералдык министрлигинин башкы катчысы М.Линхарт менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахаб Нурбаев Австриянын Европа, интеграция жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин башкы катчысы Михаэл Линхарт менен жолугушту. Иш-чарага Польша, Австрия, Чех, Венгрия жана Словакия мамлекеттери менен кызматташуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык достук тобунун жетекчиси Игорь Чудинов катышты.

Жолугушууда депутат А.Нурбаев Кыргызстан Австрия менен болгон кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар экенин белгилеп, эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык мамилени достук топторунун алкагында эле эмес, жогорку деңгээлге көтөрүү зарылчылыгына токтолду. Ошондой эле, эл өкүлү эки мамлекет ортосунда кол коюлган келишимдерди жана бир катар меморандумдарды ишке ашырууну тездетүү зарылчылыгын эске салып, анын ичинен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты арттыруу керектигин билдирди.

Ал эми депутат Игорь Чудинов эки өлкө ортосундагы өз ара байланышты туристик тармактар аркылуу да кеңейтүү мүмкүндүгүн белгилеп: “Кыргызстан үчүн туристтик мүмкүнчүлүктөрдү аймактык деңгээлде өнүктүрүү, тиешелүү шарттарды жакшыртуу өтө маанилүү”, – деди. Бул жаатта кыргыз тарап австриялык кесиптештеринин тажрыйбасына кызыктар экенин айткан депутат, эки өлкө тең ландшафтык жана табыгый-климаттык окшош шартка ээ экенин кошумчалады.

Ошондой эле энергетика тармагында, айрыкча, “жашыл технология”-жаңы энергия булактарын табуу жаатында кызматташуу зарылчылыгын белгилеген И.Чудинов Австрия бул боюнча жакшы тажрыйбага ээ экенин билдирди.

Өз кезегинде М.Линхарт Австрия Кыргызстан менен, айрыкча, Жогорку Кеңеш менен кызматташууну колдоого аларын айтып: “Кыргызстан Австриянын маанилүү өнөктөшү” – деп билдирди.

Андан тышкары, жолугушууда 2017-жылы Австрия жетекчилик кыла турган ЕККУнун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси да талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: