Menu

Видео – Канат Исаев, ЖК депутаты: “Алмаз Атамбаев конституцияны одоно бузуп жатат, мыйзам алдында жооп бериши керек. Кыргызстанга 1937-жыл кайра келди”

Бөлүшүү:

“Конституциянын гаранты президент деп айтабыз. Кантип президент гарант болот, өзү конституцияны бузуп жатса? Конституциянын 63-беренесинин 3-пунктунда так жазылып турат “Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясый партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясый партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерди токтотот” деп. Биздин президент конституциянын бул беренесин аткарып келатабы? – деп билдирди бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Канат Исаев.

“Албетте жок! Эгерде президент партиядан сырткары болсо президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов СДПКнын саясый кеңешине мүчө болот беле? Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Сапар Исаков СДПКнын саясый кеңешине мүчө болот беле? Эгерде президент баардык партияларга бирдей калыс мамиле кыла турган болсо эки кеңешчиси, Калык Султанов менен Икрам Илмиянов СДПКнын саясый кеңешине мүчө болот беле? Икрам буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары да болуп иштеп келген. 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин президенттин аппаратында ар кайсы мезгилде иштегендердин фамилиясын атап кетсем: Жээнбеков Сооронбай Шарипович, президенттин аппарат жетекчисинин орун басары, Кулматов Кубанычбек Кеңешович, президенттин кеңешчичи, Ирсалиев Дүйшөн президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары, Албек Ибраимов, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары… мына ушундай 18 киши СДПКнын жетекчилигинде олтурушат.  Соттордо чечимди судьялар кабыл албай Атамбаевге жакын 2 киши гана кабыл алып калды. Кыргызстанда 1937-жыл кайра орноду.  Уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн да СДПК кылып алдыңар.  Экономикабыз гүлдөп жатат дейсиңер, бирок статистиканы карайлы, 2000-жылы Кыргызстандын ИДПсы Тажиксатандын ИДПсына караганда эки эсе көп экен. Бүгүн карасак, Кыргызстандын бюджети 1,8 миллиард доллар болсо 8 жыл жарандык согуш болгон Тажикстандын бюджети 2,3 миллиард долларга жеткен. Тажикстандан калып жатабыз, эмне себеп? Анткени биз укуктук мамлекет кура албай жатабыз. Соттор адилеттүү чечимдерди чыгарбай жатат. Мындай акыбалда Кыргызстанга эч кандай инвестор келбейт”, – деди Канат Исаев.

https://www.youtube.com/watch?v=pUhT051S2kg

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Каганат

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: