Түркияда БУУнун Эл аралык трибуналынын мүчөсү, түрк жараны Айдын Сефа Акай камакка алынды.
Шаршембиде трибуналдын төрагасы Теодор Мерон БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып Акайдын тез аранын ичинде бошотулушун жана аны куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Ал судьянын камакка алынышын жаңы тарыхтагы эл аралык соттун дипломатиялык кол тийбестигинин алгачкы жолу бузулушу деп атады.
Акай 15-июлдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине тиешеси бар болгон деген шек менен 21-сентябрда камакка алынган.
Кеңсеси Гаагада жайгашкан БУУнун Эл аралык трибуналы мурдагы Югославия менен Руандадагы аскердик кылмыштарга байланышкан иштерди карайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ