Menu

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги, инвестклимат боюнча Кыргызстан Бакиевдин учурунда дүйнөдө 41-орунда эле, азыр Атамбаевдин учурунда 67-орунга түшүп кеттик”

Бөлүшүү:

“Урматтуу депутаттар! Кыргызстанда чын эле абал абдан чатак. Биз толук изоляцияда калгандай көрүнөт. Премьер-министр ондоп-жыйырмалап маселе койгону менен Таластын алмасын, Чүйдүн сүтүн, Нарындын этин коңшу өлкөлөргө чыгарганга мүмкүндүк болбой жатат. Челябинск менен Краснодардан помидор бизге келе баштады. Алма Казакстандан келе баштады. Сүт азыктары Белорусиядан жана Россиядан келе баштады. Эгер биздин ишенген айыл чарбабыз бүгүн эле олтуруп калса он жыл – жыйырма жылда да ал бутуна турбайт”, – деп билдирди кечээ, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда Ата-Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

“Атамбаев 2012-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын өнүгүүсүнүн стратегиясын иштеп чыгып, анын негизинде программа кабыл алганбыз, алдыбызга чоң максаттарды койгонбуз. Ошол программада 2012-2017-жылдарда Кыргызстанда 350 миң жумушчу орундарын түзөбүз, жылына 70 миң жаңы жумушучу орунун ачабыз деп убада кылганбыз. Мына, Сооронбай Шарипович, сиз 1 жылдан бери премьер-министрсиз, 1 жылда канча жумушчү орун ачылды? Ачылган жок, тескерисинче жумушчу орундары кыскарды. Кийим тигүү продукциясын сыртка экспорттоо 23 эсе, 1-2 эсе эмес, 23 эсе кыскарды. Бул 10 миңдеген тигүүчү кыздардын жумуш орду Кыргызстанда кыскарды дегенди билдирет. Казакстанга болгон экспортубуз 60%га кыскарды. Россияга болгон экспортубуз 30%га кыскарды. Бул 10 миң деген, балким 100 миң деген жумушчу орду Кыргызстанда кыскарды дегендике жатат. Экономикабыз оңолуп, инвестиция келиши үчүн шарт түзушүбүз керек дейбиз, Сооронбай Шарипович, сиздин жаңы алып келген программаңызда жакынкы 2 жылда бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча алдыңкы 50 мамлекеттин катарына киребиз деп жазып, план коюп жатасыз. Элүү! Ал эми Атамбаевдин 2012-2017-жылдардагы Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясына таянган өкмөттүн программасында 2017-жылдын 1-январына чейин 30 өлкөнүн катарына киребиз деп бекитпедик беле? Кыргызстан 2010-жылы Курманбек Бакиевдин учурунда 41-орунда элек! Андан бери түшүп-түшүп олтуруп, 2015-жылы 102-орунга түштүк. Быйыл 2016-жылы 67-орундабыз. Өкмөт бул жерде эмне үчүн экенин айтыш керек. “Электр камсыздоо системасына кошулууга уруксат алуу боюнча Кыргызстан 161-орунга түшүп кеткен. Ошонун эсебинен артка кетип атабыз. Энергетиктерде коррупция! Пара бербесең электр камсыздоо системасына кошула албайсын. Муну мындай-мындай жолдор менен чечебиз, 1 жыл же 1,5 жыл бергиле, мобу бала жасайт” деп айтышыңар керек эле. Салык салуу боюнча Кыргызстан дүйнөдө 145-орундабыз, андан чыгуунун жолдорун ачык айтыш керек эле. Келишимдердин аткарылышы жана сот чечимдери боюнча биз эң артта калдык. Мына ушулардан чыгуунун жолдорун айтып, анан алдыңкы 50 мамлекеттин катарына киребиз дегиле да. Анан жөн эле 50-орунга деп эле жаза бербей. Кыргызстанды 2012-2017-жылдарда өнүктүрүү стратегиясы боюнча планда биз 5 жылда коррупцияны жоюу боюнча алдыңкы 50 мамлекеттин катарына киребиз деп жазылган. Аны президент киргизген, Жогорку Кеңеш бекитип берген стратегиялык планда. А биз бүгүн 123-орунга түшүп кеттик. Бир жылдын ичинде, президенттин кетерине 1 жыл калды, элге отчет берерибизге 1 жыл калды. Бир жылда 123-орундан 50-орунга кире алабызбы? 1 жылда 350 миң жумушчу орун түзсөк жок дегенде ар бир үйдөн 1ден адам иштейт деген эсеп менен түзгөнбүз. Жумушчу орун түзөбүз дегенде биз 5 жылдын ичинде 50 миң гектар жаңы жерлерди өздөштүрөбүз деп, ошол жерлерди жаш үй-бүлөлөргө берсек ошол да жумушчу орду болот деп эсептегенбиз. Биз 5 жылда жылына 10 миң гектар жаңы жерлерди өздөштүрө алдыкпы?  Стратегия боюнча 2017-жылы Ички дүң продукция (ИДП) ар бир адамга 2500 доллардан болот деп айтылбады беле? Бүгүн ИДП ар бир адамга 1200 доллардан ашпай,  5 жыл мурун кандай болсо ошондон ашпай эле турат.  2017-жылы Кыргызстанда орточо айлык ар бир адамга 26000 сом болот деп бекитпедик беле быйылкы жылдын аягына чейин деп! Ошол бойдон эле 12000 сом бойдон турат. Инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн сот системасы, укук коргоо органдары мыйзамдуу, адилет иштеш керек, бизде коррупция көп, инвесторлор келбейт дейбиз. 2010-жылдан бери Ички иштер министрлигинде 8 министр алмашты. Бул тогузунчусу (колу менен Улан Исраиловду көрсөтүп – ред.) Коргоо минисмтринде 5 министр алмашты, азыр келе турганы алтынчысы. Мен Убактылуу өкмөттү  кошуп айтып атам. Эгерде ал жерлерде иш билги адам туруктуу иштебесе реформа болобу? Негизи кадрлардын баарын президент өзү коюп жатпайбы! Биз партиялар гана жооп бербестен президент да жооп берет деп ушул жерден ачык айтышыбыз керек! Ал үчүн жоопкерчиликти биз албашыбыз керек. Мына Ички иштер министрин сиз тандадым деп жатасыз, андай эмес, президент өзү тандап койду. Деңгээлин көрдүңөр. Буга чейин 9 министр жасай албаган ишти ушул 1 жылда жасай алабы? Мен айткан жанагы индекстерди азайтып, 1 жылда ошол көрсөткүчтөргө киргизе алабы? Сооронбай Шарипович, сиз ушул жоопкерчиликтердин баарын өз моюнуңузга алып жатасыз! Азаматсыз! Бирок, биз бир чоң мамлекеттик кызматка келерде ушул кызмат эмгек китепчеме жазылып калат, балдарым “атам премьер-министр болгон” деп сыймыктанып айтып жүрөт, эптеп күн өтсө  болду деген логика менен келбешибиз керек. Бир да депутаттын суроолоруна сиз, министрлериңиз ачык, так жооп бере алады. “Көрөбүз, аракет кылабыз, буйруса үйрөнөбүз” деген гана жооптор. Бизге даяр өкмөт керек. Бизге даяр министрлер керек, чү дегенде эле ишти оңдоп кете турган. Эптеп күн өтсө болду деген позиция бүгүн жарабайт. Сиздин программаңызды окуп көрдүм. Ал жерде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бир да сөз жок. Бизде эң негизги долбоор ошол. Биз ал жолду 3 жыл мурун куруп бүтүшүбүз керек эле. Ошол жол курулуп бүтсө Кыргызстан туюктан чыгат. Казактар мунун арасында Кытайдан Казакстанга 2 темир жол куруп бүтүруштү, эми 3-сүн курганы жатышат. Кытайдан чыккан жүктөр жолдорго батпай алар улам-улам жаңы темир жолдорду куруп жатышат. А биз кургандын ордуна саясый оюн куруп, ал долбоорду артка жылдырып жатабыз. Мына Тышкы иштер министри күбө, быйыл февралда Ирандын Транспорт министри келгенде айтып жатат, “Кытайдан темир жол алып чыгып, Алай аркылуу Тажикстанга өткөрүп жиберелик, Афганистан аркылуу кетсин” деп. 3 жылдан бери Атамбаев министрдери менен кошо Кытайдан чыккан темир жолду Кыргызстандан буйтап өткөрүп кетүүгө аракет кылат. Ачык аракет кылат. Ошондо Ирандын Транспорт министри айтты “Уялбайсыңарбы? Өзбекстан аркылуу эле өткөргүлө темир жолду. Афганистан тарапта тынч эмес” деп. Мен расмий айтам, Кыргызстанды 2012-2017-жылдарда өнүктүрүү стратегиясында да, мыйзамда да, планда да Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун маршруту так аныкталган. Кытайдан Нарын аркылуу Жалал-Абадга өтүп, андан ары Өзбекстанга кетет деп. Эгер жол курулуп калса бизге 100 миллиондого доллар пайдага калат. Түндүк менен Түштүктү темир жол менен бириктиребиз. Мына азыр курулуп жаткан түндүк-түштүк альтернативалуу автожолуна кеткен 1 миллиард долларды ушул темир жолго бурганыбызда темир жолдун үчтөн бири бүтүп калмак. Бул түбөлүктүү долбоор! Ошондо Казакстан жана башка мамлекеттердин көзүн карабастан дүйнөнүн төрт тарабына чыга турган болот эле. Жок, Атамбаев “мен Өзбекстанга курдуртпайм, Тажикстан аркылуу курдуртам” деп өчөшүп, 3 жылдан бери көгөрүп олтурат. Бул долбоорго бут тосуп турат. Бул Кыргызстандын келечегин бууду дегендикке жатат. Биз конкуренциядан артта калсак 3-4 жыл ичинде Казакстанга жана башка өлкөлөргө алдырдык дегенге жатат. Акыры мажбур болушту. Жакында Ташкентке барганда ошол жол менен курабыз, ошол маршрут менен деп макул болуп келишти. Бирок, Сооронбай Шарипович, сиздин программаңызда муну ачык жазбастан, жымсалдап, тергеп, маршрутун ачык көрсөтпөй трансулуттук темир жол курабыз деп турат. Эгерде дагын Тажикстан аркылуу курабыз деген болсоңор бул чыккынчылыкка тете!”, – деди Өмүрбек Текебаев.

https://www.youtube.com/watch?v=Y1fQU60q6m8

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: