Menu

Аида Салянова, ЖК депутаты: “Түп нуска дегенди түшүнбөгөндөр бар”

Бөлүшүү:

Азыркы Кыргызстандын кечээкиден кыйла айырмасы бар. Чоң энелирибиз айткандай, ал кезде эмне, ширеңке бир тыйын демекчи. Ал кез кеңчилик заман эле. Материалдык гана эмес адамдардын руханий дүйнөсү, пейили кеңчилик болгон заман эле. Ал бир тыйын ширеңкени эстеген адамдар азыр жок. Биз үчүн ал ширеңкенин бир тыйын болгону жомоктой сезилет, ким билет бизден кийинки муун бул сөзгө маани деле бербейт болушу керек. Азыркы Кыргызстан. Саясат, жашоо, жалпысынан кыргыздын ой-жүгүртүүсү өзгөрдү. Эски саясатчылардын ордун жаңы саясатчылар басты. Негизинде эл оозунда жүргөн, эл жүрөгүнөн түнөк алып идеал туткан саясатчылар жокко эсе. Азыркы заманбап Кыргызстанда мен эки айымдын саясатын, аялдык мүнөзүн жана эркин идеал тутуп келем. Анын бири – ЖК депутаты Аида Салянова. Чын, окурман, Аида Салянова мен үчүн чыныгы эрктүү айымдардын эталонун түзөт. Аша чаап мактагандык эмес, орусча айтканда как оно есть.

Аида айым менен маек курдум. Маегим ар кыл темада болду. Албетте эң оболу бүгүнкү мамлекетибизде болуп жаткан саясат тууралуу.

– Бүгүнкү мамлекетибизде болуп жаткан жагдайларга кандай дейсиз? 

– Жагдай кадимки демократиялык өлкөлөргө мүнөздүү. Маанилүү жалпы улуттук маселе болгондо эки ача ойлор айтылат. Бирок ага эки тарап тең сый-урмат менен мамиле кылышы керек. Өкүнүчтүүсү, бул учурда бийлик чычалап, күчтүү аргументтерге калп жана ушак менен жооп берүүдө. Конституция жөнүндө айта турган болсок, өзгөртүүлөргө укуктук, саясый же коомдук зарылчылык болушу керек. Бүгүн андай бир дагы зарылчылык жок.

– Конституция маселеси. Күнөө кимде? Себеби, ойлонбой туруп түп нуска жоголду деп шылдың болуп жаткан учурубуз.

– Бирөөнүн мойнуна Конституцияны жоготтуңар деп күнөө кое калабыз деп бүткүл дүйнөгө шылдың кылышты. Мейли, бир адамды, бир партияны же бир саясый топту жаманатты кылышсын. Бирок бүтүндөй мамлекетти шылдың кылганга негиз берүүгө эч кимдин акысы жок. Конституциянын түп нускасын катып алууга болбойт. Ал элге жарыяланган текст. Бул оюнду баштаган адамдар түп нуска дегенди түшүнбөгүн адамдар болуп чыкты.

– Дегеле ушул Конституция кыргыз менталитетине туура келеби?

– Иштеп жаткан Конституция өлкөнүн башынан өткөн оор сабактарды эске алуу менен жазылган. Бир адамдын бийлигин эмес, бийлик бутактарынын баарынын – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин тең салмактуулугун орнотууга багытталган, бийлик органдарынын көз карандысыздыгы бекитилип, аны менен бирге бири-бирин көзөмөлдөй тургандай мүмкүнчүлүктөр каралган. Кыскача айтканда, алдыга карай жол сала турган Башмыйзамыбыз бар. Кеп Конституцияда эмес, кеп адамдардын аң-сезиминде, пейилинде, Конституцияны аткара турган ниетинде.

– Президенттикке ат салышасызбы? Себеби эмнеде?

– Убакыт-сааты чыкканда жообун айтам.

– Сиз Башкы прокурор болуп турган кезде ачам деп бирок ачылбай калган кылмыштар болдубу?

– Ачам деген кылмыштардын баары эле ачыла бербейт. Ал үчүн жетиштүү далилдер керек. Укук коргоо органдарында иштеген адамдар биринчи Кудайдан, экинчи мыйзамдан коркушу керек. Ошондо адилеттүүлүк болот.

– Жолдошуңузду дагы кылмыш иштерине аралашы бар деген кептер чыккан. Бул иш эмне болду?

– Жолдошума козголгон иш жалаң саясаттан чыккан иш. Менин карманган позициям болбосо эч кандай иш козголмок эмес. Бир далили жок, коркутуу-үркүтүү, адамдын эркиндигине соодалашуу жолу менен алынган жалган көрсөтмөлөргө негизделген кылмыш иши. Максаттары бир эле болгон – менин атымды булгап, иштеп жаткан кишини жумуштан кетиргендиги боюнча актануу. Бирок чындык баары бир эртеби-кечби жеңет!

– Нукура кыргыз айымынын образын түзүп бериңизчи?

– Жөнөкөй, чыдамкай, көтөрүмдүү, кичи пейил, ыймандуу анан сарамжалдуу болгон сапаттар кыргыз айымдарынын көбүнө мүнөздүү.

– Эс алуу күндөрүңүздү кандай өткөрөсүз?

– Азыр кызым кичинекей болгонуна байланыштуу эс алуубуз дагы ал үчүн ыңгайлаштырылган. Кээде үй-бүлөбүз менен тоого чыгып келебиз.

– Жалпысынан алганда өлкө башчысынын жүргүзүп жаткан саясатына кошуласызбы?

– Албетте, анда кошула турганы бар, кошулбай турганы дагы бар.

Назира Кулболдиева

Булак: Асман плюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: