Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит жана Кара-Мык айылдарында көпүрө курулуп жатат. «Жергиликтүү бюджеттен 450 миң сом каралган. Ошондой эле демөөрчүлөрдүн жардамы чоң. Көпүрөлөрдү куруу бир ай мурун башталган. Учурда жумуш кызуу жүрүп жатат. Буюрса жакынкы күндөрү жаңы көпүрөлөр пайдаланууга берилет» деди Н.Акматов.
Ошондой эле Кара-Тейит айылына таза суу чыгаруу аракети көрүлүп жатат.
«Бул айылга биринчи жолу таза суу чыгарылат. Эл аралык уюм тарабынан каржыланып, 7 чакырым жерге суу түтүктөр орнотулууда. 20 күн мурун башталган жумуш бир айга жетпей аяктайт» деди ал.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ