Menu

«Ыйман» деген сөз – «ыйык ман» же «ыйык адам»

Бөлүшүү:

Мусулмандардын «Аллага шерик (ширк) келтирүү – чоң күнөө» дегендин мааниси адамдын өзүмчүл акыл-ою, акыл-ой үчүн арналган эрежелер менен чектелген түшүнүк. Алар «Алла» деген ысымын, өз эрежелерин башкага алмаштырууну – күнөө деп эсептешет. Араптар Аллах дешсе, кыргыздар Жараткан, Көкө Теңир, Аалам ээси Кудурет деп, орустар «Бог» деп, англичандар «God» деп аташат. Ар бир элдин өз эне тили бар, жана ар бир адам Жаратканга өз эне тилинде кайрылат. Жараткандын алдында эң чоң күнөө – бул дилин сатып, чанып, дил аркылуу Жараткан менен болгон түз баарлашууну четке кагып, аны өзүмчүл акыл-ой үчүн арналган эрежеге, шариатка, динге алмаштыруу – мына ушул нерсе эң чоң күнөө болуп эсептелинет. Жараткан менен болгон мамиле динден, же бир ысымдан башталбайт, Жараткан ар бир адамдын жүрөгүндө болуп Аны менен баарлашуу дилден башталат. Ошондуктан жүрөгүбүздү тазалап, дилибизди сактайлы.

«Ыйман» деген сөз – «ыйык ман», же «ыйык адам» деген сөздөрдөн, анткени бул жерде «ман» деген «адам» деген мааниде айтылып жатат. «Ман» деген мүчө англис, немис тилдеринде «адам» («man») деген мааниде бүгүнкү күнгө чейин сакталууда. Ошондой эле дагы бир мааниси – «ыйык жогорку акыл-эстүү адам», бул жерде «ман» деген сөз «манас» деген мааниде колдонот, а «манас» чыгыш философиясында «жогорку акыл-эс» дегенди билдирет. Индиянын философиясында «ман» деген сөз «көкүрөк» дегенди да билдирет. «Ыйык адам», «ыйык жогорку акыл-эстүү адам» болуш үчүн адам алгач өзүмчүл акыл-ойун көкүрөктөгү, жүрөктөгү жан-дилине баш ийдириши керек. Бүгүн болсо «ыйман» деген сөздүн негизги мааниси − «Жаратканга болгон чыныгы ишеним» дегенди билдирет. Бирок мусулмандардын «жүрөккө ыйман киргизүү» дегени – бул өзүмчүл акыл-ой менен бурмаланган туура эмес, терс түшүнүк. Адам өзүн зордуктап, маң кылып эч качан жүрөгүнө чыныгы ыйманды, Жаратканга болгон чыныгы ишенимди киргизе албайт. Бул жансыз роботтордун, өзүмчүл акыл-ой менен чектелген кишилердин айла жоктон чыккан амал, иш-аракеттери. Салафит (ваххабит) мусулмандар жүрөктөрүн зордуктап, араптардын жатталган «ла иллахи иллала» деген маңкурт (зомби) кылуучу программасын кайталап, жүрөктөрүн бууп, дилдерин кулптап, өздөрүн кыйнап, акыл-ой үчүн арналган эрежеге мажбурлап, бузулган араптар үчүн өкүм болуп түшкөн эрежеге өз жан-дилдерин туткун кылып киргизип, алданып, адашып жатышат. Адам жүрөккө ыйманды, «ыйык жогорку акыл-эсти», чыныгы ишенимди киргизе албайт. Ыйманды, ыйык «манасты», ыйык акыл-эсти, Жараткан Кудуретке болгон чыныгы ишенимди жалгыз Жараткан Аалам ээси Кудурет берет, а адамдар болсо акыл-ойлорун тазалап, акылдарын жан-дилге баш ийдирип, дилдерин, жүрөктөрүн Жараткан менен болгон түз баарлашууга ачышы керек. Акыл-ой жан-дилге баш ийгенден кийин гана адамда жогорку акыл-эси, манасы, ыйык манасы ачылат.

Чыныгы ишенимге, ыйманга, ыйык «манаска» жетиш үчүн байыркы кыргыздар сүкүт (медитация) тартышчу. Тынч олтуруп өзүмчүл акыл-ойдун баарлашуусун токтотуп, жан-дилдерин, жүрөктөрүн тыңшап, жүрөктөгү жан-дил аркылуу келген Жараткандын сөзүн угуп, дилдерин Жараткан менен болгон түз баарлашууга ачышып, акыл-ойлорун дилге баш ийдиришчү. Ошондо Жараткан Аалам ээси Кудурет алардын дилдерине, жүрөктөрүнө чыныгы ишенимди, чыныгы ыйманды, ыйык манасты, жан-дилге баш ийген ыйык жогорку акыл-эсти берчү.

Кыргыздарга жана Дил туткандарга «жердин төрт тарабы кыбыла»

Кыргыздар жана дил туткандар Жараткан Аллага, Аалам ээси Кудуретке кайрылып «төрт тарабың кыбыла» дешет. Ошондуктан биз башкалардай болуп бир тарап менен чектелбейбиз. Биз жердин төрт тарабына тең мамиле кылабыз. Араптар болсо бүт дүйнөдөгү күч-кубатты өздөрүнө гана тарткысы келет эч ким менен бөлүшпөй. Мисалы, намазга жыгылган кыргыздар араптардын кыбыласын карап өзүндөгү күч-кубатын, мээримин араптарга жөнөтүшөт. Эмне, Арабия Ааламдын ордосубу? Же эмне Жараткан Аалам ээси Кудурет Арабияга көчүп кетиптирби? Жараткан Алла, Аалам ээси Кудурет Кааба ташында эмес, Ал жалпы Ааламды камтып турат! Ыйык Куран китебинин Бакара сүрөсүнүн 115- аятында бул нерсе тууралуу минтип жазылып турат: «Чыгыш да, Батыш да Аллахка гана таандык. Силер кайда гана бурулбагыла, ал жакта Аллахтын жүзү. Албетте, Аллах – Камтуучу, Билүүчү!» . Жана ошондой эле ошол эле сүрөнүн 142- аятында төмөнкүдөй жазылып турат: «Адамдардын кээ бир наадандары: «Алар жүз буруп келген Кыбыласын эмне үчүн таштап коюшту?»  деп айтышат. Аларга: «Чыгыш да, батыш да Аллахка таандык. Ал каалаганын Туура жолго салат»деп айткын» . Жана ошондой эле 148- аятта: «Ар кимдин өзүнүн бурулуучу тарабы бар. Жакшылыкта жарышкыла. Кайда болсоңор да Аллах баарыңарды чогултат. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү» . Жогорку аяттарда Жараткан Алла биз кайсыл кыбыланы карап жүзүбүздү бурсак да, бирок эгер биздин сыйынуубуз, табынуубуз, ибадатыбыз, бата-тилөөбүз чын дилден чыкса, эгер биз Жараткан Аллага, Аалам ээси Кудуретке моюн сунуп Ага баш ийсек, Жараткан Алла баары бир бизди чогултуп бейишке алып кирет деген маанини билдирет. Эгер ойлонуп көрсөңүз, түшүнөсүз кантип сиздерди сүткорлордун малайдашуу куралына айланган ваххабит-салафиттер, радикал исламчылдар, диний фашисттер жана башкалар алдап жатканын …

Радио, теледен дин өкүлдөрүнө, казыларга берилген суроолорду тыңшап акыл-ой үчүн арналган эрежеге, шариатка баш ийип алданган адамдардын руханий деңгээлин байкаса болот. Мисалы: «Намазды өз убагында окубай калып аны баланча саатта окусам кабыл болобу?» же «Бутум сынып, аны гипстеп эми толук жуунганга шарт жок болуп жатат, кантип гусул алам деп мээм кайнап жатат!?» жана башка ушул сыяктуу суроолор.

Булак: Асман плюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: