Menu

Жаркынай Жумакожоева, айтымчы, дарыгер, табып: “Түлеевдин депутат болорун беш жыл мурун эле айткам”

Бөлүшүү:

Жоголгон адамдарга, жок жоготкондорго, төрөбөгөн аялдарга жардам берген, төлгөсү төп келген, арбактар менен сүйлөшө билген  касиети бар айтымчы, дарыгер, табып Жаркынай Жумакожоева менен ой бөлүшүп, кызыккан суроолорубузга жооп алдык. Ошондой эле Сариевди Бакиевдин доорунда эле министрлик кызматка келесиң деп айтканы,  Түлеевди   депутат болорун биринчилерден болуп билгени,  үч карама-каршылыктан кийин президент аныкталат деп кан төгүүлөр болорун билген Жаркынай Жумакожоева менен сүйлөшүп, саясаттын чордонунда жүргөн айрым инсандарга да төлгө тарттырып, ошондой эле буга чейин кимдер кайрылганын да чекмелеп сурадык.

Беш жыл мурун Нариман Түлеевдин атасы Ташболот ага “силерди кыйын төлгөчү деп угуп жүрөм. Бул жигитти тааныйсызбы деп Нариман Түлеевдин сүрөтүн көрсөтүп, балам камактан кутулуп, жыргал жашоодо  жашайбы” деп санааркаган суроо берди. Балаңыз камактан бошойт десем, көп төлгөчүнүн бириндей эле  айтып койдуңуз дээрсиз, бирок балаңыз күзүндө Жогорку Кеңештин депутаты болот дедим. Төлгөңдүн алды болсун деп 10 миң сом акча берди. Мени сынагысы келдиби же чындап эле өзү тууралуу билгиси келдиби “менин акыркы жасаган иштеримден бирдеме айтып койчу” деди. Сиз атмайданга  барып  аттан жыгылыпсыз.  Акырегиңиз сынса не болот эле  десем каткырып күлүп, “туура айтасың, атмайданга  баргам. Аттарды, өзгөчө күлүктөрдү жакшы көрөм. Атты минбеңиз, жыгыласыз дегенине болбой минип алып жыгылгам. Ошондон бери ипподромго бара элекмин” деген эле.

Булак: Асман плюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: