Menu

АКШда Дональд Трамптын каршылаштары демонстрацияга чыгышты

Бөлүшүү:

АКШ президенти болуп  Дональд Трамп шайлангандан кийин шаршемби күнү кечинде өлкөнүн бир нече шаарларында ага каршы демонстрациялар болуп өттү.

Нью-Йорк, Чикаго, Лос-Анжелес, Филадельфия шаарында миңдеген адам нааразылык акциясына чыгышты. Алар Дональд Трамптын аялдарга карата орой мамилесине жана мыйзамсыз жүргөн мигранттарга каршы чабуулуна каршы экендиктерин билдиришти.

Нью-Йоркто каршылык маршы Дональд Трамптын шайлоо штабы жайгашкан Trump Tower имаратынын алдында болду. Чогулгандар кызыл желектерди көтөрүп жүрүштү. Акция “Трамп, жогол” сыяктуу орой кыйкыруулар менен коштолду. Вашингтондо демонстрация катышуучулары Акүйдүн жанында топтолушуп, андан соң бир нече күн мурун ачылган Трамптын жаңы имаратына барышты. Акция катышуучуларынын көбү жаңы президент Акүйгө келери менен токтоосуз мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялап баштайт деп кооптонушууда.

The Washington Post гезити белгилегендей, акциялар негизинен демократ талапкер Хиллари Клинтон көп добуш топтогон шаарларда өттү. Бул өлкөдөгү демографиялык ажырымды көрөтүп турат.

Бул демонстрациялар Демокартиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон менен АКШ президенти Барак Обама Трамптын жеңишин тааныганына карабай өттү.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: