Menu

Бакыт Сакыбаев, эркин журналист: “Баягы эле эски көздөр”

Бөлүшүү:

Кечээ Өкмөттүн жаңы курамы  парламенттеги тармактык комитеттин жана башкаруучу коалициянын колдоосуна ээ болду.

Кыргыз өкмөтүндө  төрт вице-премьерлик кызматтын бирөөсүндө жана 12 министрликтин алтоосунда жетекчилик алмашты. Министрлер кабинетинин башчысы Сооронбай Жээнбеков өз кызматында калды.

Талапкерлер боюнча талкуу бир калыпта өтүп, жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү баарына тең “макул” деген добушун беришти.

Бирок маселе  юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын ордуна келчү Уран Ахметовдо жаралды. Себеби, Уран Ахметов буга чейин президенттик жана өкмөттүк аппараттардын укук бөлүмдөрүндө иштегени, Жапонияга барып окуп келгенинен башка жарытылуу деле маалымат жок болуп чыкты. Айтайын дегеним, “Бир бол” фракциясынын оппозициялык көз караштагы  депутаты Чолпон Жакупова “жаш адистерди алып келебиз деп жакшы иштеп жаткан кадрларды  сүрүп чыгаруу  туура эмес. Министрликке чейин кадрлар өсүш керек. Тиешелүү тепкичтерди басып өтпөсө, жакында көчөдөн келгендерди деле министр кылып отургуза баштайт окшойбуз” деген санаркоосун билдирди. Экинчи кайчы пикир Ички иштер министрлигине сунушталып жаткан Улан Исраиловдун талапкерлиги боюнча болду. Президенттин мурдагы жансакчысы делген Улан Исраилов жазында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы болуп дайындалган. Улан Исраилов Ички иштер министри болуп кандай иштээрин ким билсин. Бирок анын бул жооптуу кызматка келгени боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер жаралып, президент кетээрине жакын күч структураларына жалаң өзүнө жакын адамдарды алып келип жатат деп айткандар да болду.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине мурда “Республика” партиясынан депутат болгон, азыркы “Бир бол” партиясынан талапкер  Нурбек Мурашев келди. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлик кызматына коомчулукка гендердик теңчилик маселелери боюнча адис катары таанымал  “Кыргызстан” партиясынан таанымал Таалайкүл Исакунова дайындалды. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигине буга чейин өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьерлик кызматты аркалаган Гүлмира Кудайбердиева болду. Анын ордуна вице-премьер болуп “Кыргызстан” фракциясынан депутаты Чолпон Султанбекова келатат. Жалпысынан бул жолу өкмөттө алмашкан жети жетекчинин экөөсү “Кыргызстан” фракциясынан, бирөө “Бир болго” тийсе, калгандары  КСДПдан же президенттик аппараттын тегерегиндегилерден болду. Өкмөт башчы  Сооронбай  Жээнбеков коалицияга кирген партиялар арасында кызмат талаш болбогонун маалымдады. Өкмөттүн жаңы курамы купулуңузга толдубу деген суроо менен айрым инсандарыбызга суроо узаттык.

– Курамын карап чыктым, эч деле өзгөрүү жок го. Жалгыз Чолпон Султанбекованы вице- премьер кылып алып барып курам өзгөрттүк дешет. Калганы эски курам, баягы эле эски көздөр. Ал эми мурдакы антикоррупцияны жетектеген Улан мырзаны ички иштер министри кылып алып барды. Менимче, ал деле көп турбайт болуш керек. Анын бул тармакка келиши президентке залакасын тийгизди. Анткени, бири шопуру, бири жансакчысы деп. Бийчи минстрди президент өзү кеткиче кое турса болмок.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: