Тажикстандагы журналисттик уюмдар Кылмыш кодексине “Улут лидерине акарат келтирүү жөнүндө” берененин киргизилишине жана аныкталган жазага кабатыр. Алардын пикиринде, бул сөз эркиндигин чектөө болуп эсептелет.
Кылмыш кодексинин жаңы беренесине ылайык, ММК же интернетти колдонуу менен Улут лидерине шек келтиргендер 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
ММК өкүлдөрү акарат үчүн жаза киргизүү гана талаш жаратпастан, шек келтирүү жана жалаа жабуу түшүнүгүнүн чеги так аныкталбаганы да көйгөйлүү маселе экенин билдиришүүдө.
“Сын менен акарат келтирүүнүн ортосундагы айырманы ажырата билүү оңой эмес, укук коргоо органдары сынды шек келтирүү катары кабыл алып, дал ушул беренени колдонуу менен көз карандысыз ММКларга кысым көрсөтүшү мүмкүн”,-дейт эркин ММКлар ассоциациясынын төрагасы Нуриддин Каршибаев.
Ал “президент” сөзүндөгү техникалык ката үчүн жабылып калган “Нигох” басылмасын мисал келтирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ