Menu

Тажик ИИМи өлкөдө теракт коркунучу жок экенин билдирди

Бөлүшүү:

Тажикстанда кырдаал көзөмөлдө, өлкө жарандарынын жана конокторунун коопсуздугуна коркунуч жаралган жок. Бул тууралуу Тажикстан ИИМинин маалымат катчысы Умаржони Эмомали билдирди.

«Укук коргоо органдары элдин тынчтыгын сактоо максатында дайыма даярдыкта турушат, кабатыр болууга негиз жок», –деди ал.

Анын айтымында, Америка Тажикстанга теракт коркунучу жөнүндө кандайдыр бир маалымат берген эмес.

Күн мунун АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Тажикстандагы теракт ыктымалдыгы жөнүндө америкалыктарды эскертип, кыраакы болууга жана коомдук транспорт менен жүрбөөгө чакырган.

Мындан тышкары америкалыктар Тоолуу Бадахшан автономдуу облусуна барып калса, Ооганстан менен чектеш аймактарда жашоодон жана кечкисин сейилге чыгуудан оолак болууну сунуштаган.

Элчиликтин эскертүүсү Тажикстанда өлкөнүн жаңы майрамы – 16-ноябрда Президенттин күнү белгиленер алдында чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: