Menu

Караганда облусунда шахтанын үч жумушчусу каза болду

Бөлүшүү:

Караганда облусунда жайгашкан «Сарань» шахтасындагы кырсык кечээ кечке жакын болгон. Учурда анын үч жумушчусу каза болуп, дагы бешөө жаракат алып ооруканага жеткирилгени кабарланууда.

Аталган шахтаны иштеткен «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынан билдиришкендей, жаракат алган беш жумушчунун бирөөсүнүн абалы өтө оор.

Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн окуя болгон жерге атайын комиссия жөнөп кетти. Иликтөөнүн жыйынтыктары комиссия ишин аяктаган соң белгилүү болот.

Компания окуяны «күтүлбөгөн кырсык» деп атап, бирок анын чоо-жайын тактаган жок. Маалымат агенттиктердин бири кабарлагандай, шахтада «асмажол үзүлүп кеткен».

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: