Балыкчы-Корумду жол чыры мурунку транспорт министри Аргынбек Малабаевди алып түшүп, анын ордуна алкымын ойлобой, адал иштейт деп Замирбек Айдаровду министр кылып алып келишкен эмес беле. Айдаров деле адал иштебей, акча дегенде берген антын унутуп, алкымы ачыла түшчүлөрдөн экен. Транспорт министрлигине келгендердин баары эле тамагын тыя албай калат окшойт. Замирбек ээрге олтурганда эле кытайлык компаниянын жолтандабасын кызматтык унаа катары пайдаланып, адал иштей тургандардан эмес экенине шек жараткан. Эми болсо коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Айдаровду Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоо үчүн өтчү тендерге алкымын тыя албай аралашканын далилдеп чыкты. Замирбек заарканып “зарплатасын” күтүп олтургусу келбегендей, тендердик процесске кийлигишип кетиптир. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү Айдаровдун “Чайна Рейлвей” компаниясынын пайдасы үчүн кара жанын карч урганын тастыктап коюшуптур. Бул кылмыш иш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Ал жактан акчалуулар аман калчу эле. Айдаров деле айрандай аппак болуп чыгышы мүмкүн.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ