Menu

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы: “Президенттик шайлоого өтө активдүү даярданып жатабыз”

Бөлүшүү:

— Жеңиш мырза, бүгүн Өкмөттүн толук курамы менен тааныштык. Кесипкөйлөрдөн куралган мыкты Өкмөт болду деп эсептейсизби?

— Биринчиден өкмөттүн куралышынын алдында мурунку коалициянын ыдырап, анан кайра куралышы мени ынандырган жок. Себеби, бул жерде принципиалдуу маселелер сынды. Бийликте олтурган башкы фракция өзү эч качан коалициядан чыкпаш керек. Ошол эле бийликтин фракциясынын ичинен кайра кимдер менен принципиалдуу түрдө биригүү мүмкүн эмес экенин айтып кетти. Акаевчилер, Бакиевчилер деп жатышып кайра ошол фракция менен биригип алышты. Өкмөттүн курамы боюнча бүгүн өкмөттүк жыйындардан көрдүк. Айрым жаңы келип жаткан өкмөт мүчөлөрү бир дагы суроого жооп бере алган жок. Элементардуу түрдө канча министрлик бар деген суроого жооп бере албаган министрлердин акыбалы өтө кейиштүү көрүндү. Өкмөттүн түзүмүн билбеген адам кантип реформа жүргүзөт. Өмүрбек Чиркешович баштаган бир топ депутаттар суроо берсе жооп бере албай, башын жерге салып олтуруп бербедиби.

— Акаевчи, Бакиевчи деп айтып кеттиңиз. Парламентте Жанар Акаев биздин өнүгүүбүзгө эмне тоскоол болуп жатат деди. Чын эле айтыңызчы, биздин өнүгүүбүзгө эмне тоскоол болуп жатат? Парламентпи, алсыз бийликпи?

— Мурда Акаевчи болчу, кечээ Бакиевчи болчу деп айтып жүрсөк эртең Атамбаев кеткенден кийин Атамбаевчи болчу деп жээрип баштайбыз. Бул туура эмес. Мамлекеттин түзүлүшүнө мамлекетчил адамдар келиши керек. Бизде Акаевчи, Бакиевчи, түндүк-түштүк дегендин өзү туура эмес. Анте турган болсок Кыргызстанда 57 миңден ашык мамлекеттик атка минерлер бар. 2 млндон ашык адамдар мамлекеттик бюджеттен акча алат. Анда анын баарын эле Акаевчи, Бакиевчи кылалы.

— Президент журналисттер менен жолугушуу учурунда Жанар Акаевдин каржысын көтөрүп бергенбиз деп айтып өттү. Ушул сөздү коомчулукка чыгаруунун кажети бар беле?

— Бул жерде эки айрыма бар. Шайлоонун өзү жана партияга кирип жаткан адамдар эки башка нерсе. Ар бир шайлоодо партиялар жалпы каржы көтөрүп, фонд түзүлөт. Мына ушуну президент айтса керек. Шайлоонун өтүшү баарына маалым болгон. Ошол эле Жанар Акаев менен президенттин ортосундагы кайым айтышуу бул сыртка чыкпай турган маселе болчу. Колдон келсе коомго таратпай эле койсо болмок.

— Саясый акыбал минтип мышык-чычкан ойнолуп жатса, мунун аркасы кандай болушу мүмкүн?

— Эксперттердин жана бей расмий маалыматтарга караганда бул Өкмөт жазга чейин гана жашашы мүмкүн. Алдыда референдум өткөрүш керек. Референдум өткөндөн кийин жаңы Өкмөт куралып, жаңы иштер башталышы зарыл болот. Демек бул убактылуу эле көрүнүш. Элдин алдында баш мыйзамды эптеп өзгөртүп алып кийинки чоң шайлоолорго баруу зарыл болуп тургандай.

— Парламенттин курамы олигархтардан түзүлдү деп айтылып жатат. Муну президент деле жашырган жок. Сиз кандай кемчилигин көрө алдыңыз?

— Бул жалгыз президенттин айтканы эмес, элдин айтканы. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоо тарыхта эң кымбат шайлоо болду. 90 пайыз олиграхтар парламентте олтурат деп айтылып жатпайбы. Ошондуктан өздөрүн коргош үчүн олигархтар өздөрүнө тийиштүү мыйзамдарды алып чыгып жатышпайбы. Бир эле мисал айтайын. Жакында эле 7 пайыз кредит берүү маселеси боюнча мыйзам кирбедиби. Ошондо айрым депутаттар мыйзам менен таанышпай туруп каршы же макул деген добуштарын беришти. Сиздерге окшогон журналисттер эмнеге каршы же макул дедиңиз десе эч нерсени талдап бере алган жок.

— “Замандаш” партиясы жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышып жатабы?

— Кыргызстан боюнча онго жакын шаарга кирдик. Кудай буйруса жакшы даярдык менен чыгабыз деген үмүтүм бар. Ал эми Бишкек шаарына катышпай эле коёлу дедик.

— Эмнеге?

— Анын эки себеби бар. Партиянын буга чейинки иштери боюнча терең баа берилип, ички структуралык өзгөрүүлөр башталды. Жазга чейинки жана андан кийинки саясый процесттерге катышууга даярдык көрүп жатабыз. Бишкек шаарында өтө турган шаардык кеңештин шайлоосуна мен таптакыр ишенбеймин. Себеби, 2015-жылы шайлоо кандай кымбат болсо, быйыл деле ошондой сатып алуулар болот деген ойдомун. Анткени, добуштар 2000 сомдон 5000 сомго чейин сатылып жатат. Бул жолу да эң кымбат, кир шайлоо болот. Кудай буйруса жаз айында эл менен тыгыз иштешип, жолугушууларды уюштуруп, кыдырып чыгабыз. Элдин аң сезимин өзгөртүш керек.

— Замандаш партиясы бир кезде Президентти жактагандай позиция кармап жүргөнсүздөр. Сөзүңүздөргө караганда оппозицияга өтүп кеткендейсиздер?

— Болгону президенттин айрым позицияларын колдоп келгенбиз. Бир нече парламенттик уктурууларга катышканда катуу сындачу жерде сындадык, өз оюбузду айта баштадык. Жаңы курам келгенине бир ай болду. Эми чыга баштайбыз.

— Мурдагы команда кайда?

— Саясый кеңеш менен жетекчи жаңырды. Калганы ордунда калды. Борбордук аппараттагы адамдар алмашты, аймактагылар иштей беришет. Саясый ката кетиргендердин айрымдары өздөрү эле кетишти, кээ бирлерин кетирдик. Көрүнүктүү саясатчылардан жаз айында айтабыз.

— Саясый жарыштарга даярданып жатабыз дейсиз. Президенттик шайлоогобу же 5 жылдан кийинки парламенттик шайлоогобу?

— Биз президенттик шайлоого дагы катышабыз. Биз ага өтө активдүү даярданып жатабыз. Анан албетте Жогорку Кеңешке.

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: