«Атомдун планетардык модели» убагында илимдин, андан кийин Бишкектин бирден-бир символу болгон, ал көпчүлүктүн өз балалыгы менен да байланыштуу. Ушул жумада тарыхый окуянын күбөсү болдук: өзүнүн мурдагы ордуна «Атомдун планетардык модели» кайрадан орнотулду. Бул борбор шаарыбыздын жашоочулары жана коноктору үчүн жакшы жанылык. «Атомдун планетардык модели” 1911-жылы ядролук физиканын атасы — Эрнст Резерфорд тарабынан сунушталган.
Бул тарыхый атомдун түзүлүшүнүн маанилүү модели көптөгөн эксперименттердин негизинде алынган. 20-кылымдын 30-жылдарына чейин физика жана химия боюнча адабияттарда иллюстрациялык материал катары колдонулуп келген. 60-70-жылдары атомдук физика жана энергетика менен байланышкан илимий коомдун жана институттардын татаал эмблемаларынын элементи катары советтик эмблематикада колдонула баштаган.
Биз баарыбыз билебиз, 90-жылдары эски конструкциясы ар кандай факторлордон улам жараксыз болуп, аны бузуга туура келген, ал эми анын ордун жарнамалык такта ээлеген. Бүгүнкү күндө конструкциянын так чиймеси сакталбаган, архивдеги аз гана сүрөттөрү бар.
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы бул долбоорду 2008-жылдан баштап ишке ашырууга аракет кылган, бирок атомдун моделин койгонго божомолдонгон жер үлүшү ижарада болгондуктан, бул социалдык долбоорду ишке ашырууга мүмкүнч үлүк болгон эмес. Жаңы мэрдин келиши менен академиянын кызматкерлеринин «Атомудун планетардык модель» композициясын калыбына келтирүү демилгеси ишке ашырыла баштады.
Кыргыз мамлекеттик юридикалык акдемиясынын ректору Канат Керезбеков, кызматкерлердин жана ошондой эле студенттеринин демилгеси боюнча жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен “Атомдун планетардык модели” архитектуралык композициясынын жаңы конструкциясы даярдалды. Коюлган конструкция жаңы технологияларды колдонуу менен заманбап материалдардан жасалып, мурдагы жерине Чуй проспектисинде, биздин өз шаарыбыздын маданий-тарыхый жүзүн кайра түзүү максатында орнотулду. Борборубуздун тургундары жана коноктору заманбап светодиоддук жарыгы менен кечки маалда дагы суктана алышат.
Бул долбоордун ишке ашырылышы Бишкекке жана анын тургундарына кереметтүү белек гана болбостон, илимдин символунун кайра жаралуусунун жана анын ийгиликтүү өнугүүсүнүн кепили болот деген терең ишенимдебиз.
Айке АДАНБЕКОВА
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ