Menu

Саясый элитанын сөз кылганы эле Икрам Илмиянов

Бөлүшүү:

Президенттин кеңешчилигинен Икрам Илмиянов кеткенден кийин, ал жөнүндө маалымат каражаттарында, соцтармактарда кыйла талкуулар жаралды. “Жергиликтүү шайлоолорго карата КСДПнын штаб башчысы болот экен”, “Жогорку Кеңешке келет”, “посол болуп кетет”, айтор, түрдүү кабарлар тарады.

Прессага көп чыга бербеген Икрам Илмиянов коомчулукту кызыктырган фигурага айланганы байкалууда. Атургай Фейсбукта анын атын жамынган “фейктерден” үч-төртөө пайда болуп, ар кандай талкууларга аралаша башташты. Мунун өзү популярдуулуктун жеткен чегиби? Же чын эле кумир туткандар көбөйдүбү?..
Ошого жараша эл оозунда президенттин экс-кеңешчиси тууралуу ар кандай ушак-айыңдар ырбады. Тизмектесең гезит бети түт келчүдөй эмес. Икрам өзү публикага көп чыкпай көшөгө артында жүргөнү менен анын душмандары аябай арбыганы, өзгөчө саясый элитада ызырынган эле адамдарды кездештиресиң. Алмазбек Атамбаевдин башка жан-жөөкөрлөрүнө караганда, буга эмнеге анча кастарын тиккендер көбөйдү? Балким шефтин тапшырмаларын ак эткенден так эте аткарып жүрүп, аягы өзүнө ченебей каршы күчтөрдү үйдүбү? Элдин баарына жагуу кыйын. Анализ кылыш керек…
Сакен БӨРҮБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: