Ош шаардык жаштар комитетинин демилгеси менен жогорку окуу жайлардын арасында «Энкаунтер» интеллектуалдык спорттук оюну уюштурулду. Анда түрдүү жогорку окуу жайлардын жана атайын орто окуу жайлардын мыкты студенттеринен куралган 10 команда катышты. Бул тууралу ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.
Студент жаштардын шамдагайлыгы жана интелектуалдык денгээли сыноодон өткөрүлгөн таймашта Ош мамлекеттик юридикалык институтунун «Smart» командасы артыкчылыктарын көрсөтүштү. Эрлан Жээнбеков жетектеген бул команданын мүчөлөрү Максат Бегалиев, Нуртилек Абатов, Урматбек Саипов, Темирлан Акматовдор таймаштын бардык шарттарында өздөрүнүн шамдагайлыгы жана интеллектуалдык ой жүгүртүүсүн эн жогорулугу менен атаандаштарын жеңип, эң алдыга озуп чыкты. Аягында аталган жогорку окуу жайдын «Smart» командасы Ош шаарындагы окуу жайлардын арасында биринчи орундуу ээлеп, баш соорунга татыктуу болушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ